БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Ушул жылдын акыркы төрт айынын ичинде Голливуд жылдыздарынын ичинен Райан Рейнольдс 6 underground кинокартинасына тартылып Netflix платформасынан 27 миллион доллар алган. Бул тууралуу Sputnik Белоруссия Variety басылмасына таянып жазды.
Экинчи орунга Дуэйн "Скала" Жонсон менен Роберт Дауни-кенжеси илинген. Экөө тең төрт айдын ичинде 20 миллион доллардан алган. Дуэйн "Скала" Жонсон бул каражатты "Форсаж: Хоббс и Шоу" тасмасына тартылып алса, Роберт Дауни-кичинекейге "Путешествие доктора Дуллитла" фильминдеги ролу үчүн төлөнгөн.
Басылманын маалыматына ылайык, белгилүү актерлор Леонардо Ди Каприо менен Брэд Питт Квентина Тарантинонун "Однажды в Голливуде" тасмасына гонорарына карабай тартылышкан. Экөө тең 2019-жылы төрт айдын ичинде 10 миллион доллар табышкан.
Актрисалардын арасынан эң көп төлөнгөн үчилтикке Эмили Блант (12-13 миллион доллар), Галь Гадот (10 миллион) жана Марго Робби (9-10 миллион доллар) кирген.