БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Ош шаарынан делегация Санкт-Петербург калаасына сапар алып, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон боордош аскерлер көмүлгөн Синявинск бийиктигине жана бир катар жайларга зыярат кылды. Бул туурасында Ош мэриясынан кабарлашты.
Эске сала кетсек, Ош менен Санкт-Петербург бир тууган шаарлар болуп эсептелет.
Делегация Улуу Жеңиштин 74 жылдыгын утурлай "Өмүр жолу" маршрутундагы "Үзүлгөн шакекче" мемориалдык комплексине барган. Бул айтылуу Ладога көлүнүн жанында жайгашкан. Андан сырткары, Синявинск бийиктигинде болушкан.
Курман болгондордун элесин эскерткен монументке гүл коюлуп, бир мүнөттүк аза күтүү болду.
Делегация мүчөлөрү Ленинградды коргоп жатып, баатырларча курман болгон кыргызстандык жоокерлерди эскеришти, "Даңк" аллеясына барып гүл коюшту. Ал жерде согушта курман болгон Советтер Союзундагы бардык улуттун, анын ичинде кыргызстандык аскерлердин урматына обелискттер орнотулган.
"Делегация ал жерде мекендештердин арбагына багыштап куран түшүрдү. Андан сырткары, издөө иштерин жасаган отряддардын өкүлдөрү менен жолугушуу болду. Алар Жеңиштин 74 жылдыгынын алдында согушта курман болгон 714 жоокердин (Украинадан, Белоруссиядан, Казакстандан жана башка боордош өлкөлөрдөн чыккан) сөөгүн көмүшкөн. Алардын бир катарлары медалдарынын, төш белгилеринин номерлеринен жана документтерден таанылган. Азыркы маалыматтарда бул жерде 25 миң жоокер көмүлгөн", — деп айтылган маалыматта.
Мындан сырткары, бул сапарда Ош менен Санк-Петербург мэриясынын өкүлдөрү кызматташтыкты, жаштарды патриоттуулук багытында тарбиялоо жаатында биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү талкуулады.
Маалыматта 2020-жылдагы Жеңиштин 75 жылдыгы боюнча эки тараптын биргелешип жасай турган иштери сүйлөшүлгөнү айтылган.