БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо боюнча Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Сотторду тандоо кеңеши Жээнбековго 13 талапкерди судьялык кызматка дайындоо боюнча сунуш киргизген. Ага ылайык, Жогорку сотуна, Чүй облустук сотуна жана Ош шаардык сотуна бирден талапкер, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустук сотуна экиден жана Нарын облустук сотуна 6 талапкер сунушталган.
6-майда президент талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрүп, анын жыйынтыктарын, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен жергиликтүү сотторго 6 талапкер боюнча Сотторду тандоо кеңешинин сунушуна макул болду.
Ал эми 7 талапкер боюнча материалдарды аталган кеңешке кайтарып берген.
Ага ылайык, төмөнкү аймактарга соттор дайындалды:
- Жалал-Абад облустук сотуна Адилет Чоноев;
- Чүй облустук сотуна Жыргал Мурзалиева;
- Нарын облустук сотуна — Кайридин Бакиров, Нурлан Малдыбаев, Жеңишбек Мелсов, Улукбек Мукамбетов.
Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.