"Дордой" базарынын жанында үч жашар кызга кол салган жолбун ит видео байкоого түшүп калган. Эки киши кызды иттин оозунан арачалап алууга аракет кылып, тепкилегени менен майнап чыккан эмес.
Окуя 16-майда саат 15:00дөр чамасында болгон. Жолбун иттин кызды тиштегенин көргөн Керез Мамбеталиева окуяны мындайча айтып берди.
"Иттин кичине баланы талаганына баарыбыз күбө болдук. Чогулган эл баланы иттен куткара албай койду. Ит бул жерде 2-3 күндөн бери жүргөн", — деди ал.
Мамлекеттик адистештирилген коргоо кызматынын башкы башкармалыгынын Аламүдүн райондук бөлүмүнүн кызматкери Адилет Бекжанов сыртта эл чуру-чуу түшүп калганын угуп дароо эшикке чыкканын билдирди.
Бекжанов бардык аракетин кишилерди жаныбарлардын кол салуусунан коргоо жөнүндөгү мыйзам боюнча жасаганын кошумчалады.
Ал ошондой эле кыздын апасы кичинекей баласын карап жатып, кызынын сыртка чыгып кеткенин байкабай калганын кошумчалады.