00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Максимальный репост
16:04
45 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Үйү жок эмерек алып, короосу жок кой багып... Нарын акимдеринин таңданткан байлыгы

Жазылуу
Нарын облусундагы акимдердин байлыгын карап бир топ кызыктарды байкоого болот. Биринде төрт үйү, экинчисинде төрт автоунаа бар. Дагы башкасы бир короо кой, бир үйүр жылкы багат. Ошол эле учурда төрт акимдин үйү жок, кайда жашап жатканы белгисиз.

Суд над Еленой Удреей в Бухаресте - Sputnik Кыргызстан
Көчөдө жашайбы? Чүйдүн итке минген жана эң бай акимдеринин тизмеси
Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөдөгү район жетекчилеринин мал-мүлкүн тизмектөөнү улантат. Бул ирет беш райондон турган Нарын облусундагы акимдердин мал-мүлкүн карап чыктык.

Материал акимдердин 2017-жылга карата тапшырган декларациясынын негизинде даярдалды. Анда район башчысынын өзүнө жана жакын туугандарына тиешелүү мал-мүлк жазылган. Жакын туугандарына аялы же күйөөсү, жашы жете элек балдары кирет. Эгер камкордугуна алса, бул тизмеге ата-энеси, бир туугандары жана жашы жеткен балдары да кошулуп калат. 

Ат-Башы району

Жакыпбек Субакожоев Ат-Башы районун 2013-жылдан бери башкарып келет. Декларацияга таянсак, бул кишинин үрүп чыгар ити жок. Жада калса ит байлай турган короосу да жак. Муну менен ал эч кандай мал-мүлккө ээлик кылбайт же декларация толтурганды билбейт деп түшүнсө болот. Анткени ал документте өзү да, жакын туугандары да киреше-чыгашасынан башка эч нерсени көрсөткөн эмес. Үй-бүлөсү менен каякта жашап, кантип жан багып жатканы азырынча табышмак.

Ак-Талаа району

Семетей Черикбаев Ак-Талаа районуна аким болуп 2013-жылдын 4-июнунда дайындалган. Бир аз эс алгандан кийин 2018-жылдын февралында ошондогу премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен Нарын районуна аким болду. Черикбаев бир жылда 582 миң сом иштеп тапкан. Opel Ascona үлгүсүндөгү унаа айдайт. Турак жайга, мал жандыктарына ээлик кылбайт. Жакын туугандарынын да үйү жок.

Жумгал району

Адыл Сапаров Жумгал районун 2016-жылдын май айынан бери жетектеп келе жатат. Ал бир жылда 348 миң сом киреше чогулткан. Жылкылары, уйлары бар экени көрсөтүлгөн. Мындан сырткары, бир короо кою бар, жалпы баасы 6,8 миллион сомду түзөт. Кызыгы ушунча мал-жанды кайсы жерде багып жатканы белгисиз. Анткени Сапаров бир да турак жайга ээ эмес экенин белгилеген. Ошол эле учурда жакын туугандарынын киреше булагы да, мүлкү да жок.

Кочкор району

Нурлан Керимкулов Кочкор районун 2016-жылдын март айынан бери башкарып келүүдө. Жылдык кирешеси 338 миң сомду түзөт. Керимкулов дагы үйү жок акимдердин катарын толуктайт. Бирок өзүнүн эки, жакын туугандарынын эки автоунаасы бар. Жылдык кирешеси 338 миң сомго жетет. Бир үйүр жылкы багат, алардын баасы 2,2 миллион сомду түзөт. Башка малынын баасы 760 миң сом экенин көрсөткөн. Мындан сырткары, жакын туугандарынын да 750 миң сомдук жылкысы бар. Акимдин үй-бүлөсү үйү жок экенине карабай декларацияда 250 миң сомдук эмерек сатып алганы көрсөтүлгөн.

Нарын району

Въезд в город Джалал-Абад - Sputnik Кыргызстан
Ноокендин башчысы төрт хан сарайда жашайбы? Жалал-Абаддагы акимдердин байлыгы
Түгөлбай Жанбоев Нарын районун алты жыл башкарып, 2018-жылдын февраль айында кызматтан кеткен. Ал башка акимдер үчүн да үй алып койгондой туюлат. Себеби Жанбоев жакын туугандары менен биргеликте төрт турак жайга ээлик кылат. Жылдык кирешеси 1,3 миллион сом. Ал эми жакындары бир жылда 199 миң сом тапкан. Ал эми чыгашасы 2,9 миллион сомго жетет. Бир да автоунаасы жок экенин жазган. Мал дагы кармабайт.

Белгилей кетсек, Жазык кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик кызматкер декларациясында кайсы бир мүлкүн жашырса, кылмыш катары саналат. Мыйзамсыз байыгандар айыпка жыгылат же эки жылга эркинен ажыратылат. Ошондой эле эки жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө бөгөт коюлат.

Мамлекеттик кызматкер декларацияда кайсы мүлктөрүн көрсөтүүгө тийиш:

  • Кыймылсыз мүлк;
  • Кыймылдуу мүлк;
  • Автотранспорттук каражаттар;
  • Маданий баалуулугу бар менчиктер жана өлкө мыйзамдарына ылайык эски буюм катары таанылган буюмдар;
  • Улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары;
  • Баалуу кагаздар;
  • Мал жана башка жандыктар;
  • Зер буюмдар, асыл жана жарым-жартылай асыл металлдар;
  • Жарандарга жана уюмдарга карата финансылык жана башка мүлктүк талаптар;
  • Уюмдардагы капиталдын аларга таандык үлүшү.
Жаңылыктар түрмөгү
0