БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Бишкекте жаңы санитардык таштанды жайынын курулушу башталганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Анын пайдубалын түптөөгө калаа башчысы Азиз Суракматов, Реконструкция жана өнүгүү боюнча Европа банкынын вице-президенти Алан Пилоу катышты.
![Бишкекте жаңы санитардык таштанды жайынын курулушу башталган Бишкекте жаңы санитардык таштанды жайынын курулушу башталган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104444/67/1044446777_0:50:1280:854_600x0_80_0_0_3280576b5f8087416e1ca93dcbb6435a.jpg)
![Анын пайдубалын түптөөгө калаа башчысы Азиз Суракматов, Реконструкция жана өнүгүү боюнча Европа банкынын вице-президенти Алан Пилоу катышты. Анын пайдубалын түптөөгө калаа башчысы Азиз Суракматов, Реконструкция жана өнүгүү боюнча Европа банкынын вице-президенти Алан Пилоу катышты. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104444/67/1044446766_0:0:1281:805_600x0_80_0_0_b0ed3104d2f8cc48d18aac791b814ce0.jpg)
![Жаңы полигондун курулушу электр линияларын тартууга уруксат алынгандан кийин 7-майдан тарта башталган. Жаңы полигондун курулушу электр линияларын тартууга уруксат алынгандан кийин 7-майдан тарта башталган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104444/67/1044446772_0:15:1281:819_600x0_80_0_0_32986520c1fc3f25e3f164b726387e97.jpg)
![Азыр жерди бургулап, суу чыгаруу жана полигондун өзүнүн курулушуна уруксат алуу иштери жүрүп жатат. Азыр жерди бургулап, суу чыгаруу жана полигондун өзүнүн курулушуна уруксат алуу иштери жүрүп жатат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104444/67/1044446783_0:50:1281:854_600x0_80_0_0_1b5c281f88d453ae4f7d97a884f352b1.jpg)
![Бүгүнкү күнү иштеп жаткан таштанды жайын жабуу жана рекультивация иштерин аткаруу үчүн иликтөө-долбоорлоо иштери жүрүүдө. Бүгүнкү күнү иштеп жаткан таштанды жайын жабуу жана рекультивация иштерин аткаруу үчүн иликтөө-долбоорлоо иштери жүрүүдө. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104444/67/1044446794_0:50:1280:854_600x0_80_0_0_63070bb9c8b314c41aa3ee6f6b9070d1.jpg)
Жаңы полигондун курулушу электр линияларын тартууга уруксат алынгандан кийин 7-майдан тарта башталган. Азыр жерди бургулап, суу чыгаруу жана полигондун өзүнүн курулушуна уруксат алуу иштери жүрүп жатат.
Бүгүнкү күнү иштеп жаткан таштанды жайын жабуу жана рекультивация иштерин аткаруу үчүн иликтөө-долбоорлоо иштери жүрүүдө.
"Иштеп жаткан полигондун жанына учурда Агрардык институт менен биргеликте сынамык иретинде айыл чарба өсүмдүктөрүн сепкен. Эгер эксперименттин жыйынтыгы ийгиликтүү болсо, таштанды жайы толук рекультивация жасалгандан кийин анын үстүнө дал ушундай өсүмдүктөр айдалат", — деп айтылат маалыматта.
2019-жылдын башында долбоор боюнча сегиз келишим түзүлүп, учурда анын беш долбоору толугу менен аягына чыкты. Калган үч долбоор аткарылууда.
Эске салсак, 26-апрелде жаңы санитардык полигондун аймагына таштанды ылгоочу завод куруу боюнча тендер жарыяланган, https://sputnik.kg/economy/20190425/1044108086/mehriya-tashtandy-zavod-tender.html анын жыйынтыгы июнь айынын соңунда белгилүү болот.