БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. 2018-жылы Кыргызстандын шаарларында мурунку эки жылга караганда азыраак турак жай эксплуатацияга берилген. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Кыргызстандын шаарларында жыл сайын пайдаланууга берилген турак жай
![Кыргызстанда турак жайдын курулушу азайды Кыргызстанда турак жайдын курулушу азайды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104853/14/1048531455_0:0:660:687_600x0_80_0_0_efe0495ecb196027be3cc98561eadac8.jpg)
Кыргызстандын шаарларында жыл сайын пайдаланууга берилген турак жай
Мекеме акыркы үч жылдын көрсөткүчүн салыштырган. Турак жай эң аз курулган маал 2018-жылга туура келип, 371 миң чарчы метрди түзгөн. Бул 2016-жылы салынган там-таштын жарымы гана. Ал эми 2017-жылы 2,5 эсеге көп курулганы аныкталган.
Муну менен бирге шаар калкынын турак жай менен камсыздалышы тууралуу да маалымат берилди.
Кыргызстандын шаарларында элдин турак жай менен орточо камсыздалышы
![Кыргызстанда турак жайдын курулушу азайды Кыргызстанда турак жайдын курулушу азайды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104853/14/1048531497_0:0:660:548_600x0_80_0_0_5d2929bace0df01a940e18c48e53199e.jpg)
Кыргызстандын шаарларында элдин турак жай менен орточо камсыздалышы
2016-жылы репспубликада бир кишиге 14,3 чарчы метр, 2017-жылы — 14,2, ал эми 2018-жылы 14,1 чарчы метр туура келгени айтылды.