ЫСЫК-КӨЛ, 10-июн. — Sputnik. Ак-Суу районунун Үч-Кайнар айылындагы мектептин 1999-жылкы бүтүрүүчүлөрү (20 жылдык) аталган аймакта жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө там салып беришти.
![Ак-Суу районунун Үч-Кайнар айылындагы мектептин 1999-жылкы бүтүрүүчүлөрү (20 жылдык) аталган аймакта жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө там салып беришти Ак-Суу районунун Үч-Кайнар айылындагы мектептин 1999-жылкы бүтүрүүчүлөрү (20 жылдык) аталган аймакта жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө там салып беришти - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104464/07/1044640761_0:71:1280:875_600x0_80_0_0_e8ea3868f8b51bf9a74ab8c2288cf0ce.jpg)
![Сатканкул Жумалиев жана Элиза Зарылыкова экөө тең I топтогу майыптар болгондуктан, эч жерде иштеген эмес Сатканкул Жумалиев жана Элиза Зарылыкова экөө тең I топтогу майыптар болгондуктан, эч жерде иштеген эмес - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104464/07/1044640789_0:45:1280:849_600x0_80_0_0_8ae18a0349195aeb174825373aed0282.jpg)
![Экөө тең бала кезден эле сүйлөбөй калышкан Экөө тең бала кезден эле сүйлөбөй калышкан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104464/07/1044640772_0:48:1280:852_600x0_80_0_0_ecf54ec65128051a55bec8144d2f4ddf.jpg)
![Үч баласы бар бул түгөйлөр көп жылдан бери ата-энелеринин эски үйүндө баш калкалап келет. Үч баласы бар бул түгөйлөр көп жылдан бери ата-энелеринин эски үйүндө баш калкалап келет. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104464/07/1044640786_0:107:1281:911_600x0_80_0_0_c8161c2903518f9948ac6b97b76bb8d3.jpg)
Сатканкул Жумалиев жана Элиза Зарылыкова экөө тең I топтогу майыптар болгондуктан, эч жерде иштеген эмес. Экөө тең бала кезден эле сүйлөбөй калышкан. Үч баласы бар бул түгөйлөр көп жылдан бери ата-энелеринин эски үйүндө баш калкалап келет.
Аталган үй-бүлөнүн кызы Сатканкул кызы Керемет бүтүрүүчүлөр эки-үч ай мурда сунуш киргизгенде, ата-энеси абдан сүйүнгөнүн айтып берди. Жубайлар ушул айылдан, алар дудуктар үчүн атайын мектепте бирге окушуп, бири-бирин жактырып баш кошушкан. Алардын эки кыз, бир уулу бар. Улуусу 23 жашта болсо, кичүүсү 5-класста окуйт.
Бүлөнүн кубанычына ортоктош болгон айылдаштар жаңы үйгө жыгач-таш, жууркан-төшөк, идиш-аяк алып келип беришти.
Жакшы иш жасаган 14 бүтүрүүчүнүн бири Максат Тороев демилге апрель айында көтөрүлгөнүн айтат.
"Биз 20 жылдык иш-чарабызды кандай өткөрөбүз, айылыбызга кандай жакшы иш жасап беребиз деп талкуулуп, акыры ушул бир үй-бүлөгө кубаныч тартуулайлы дедик. Үйдү орозо маалында тапшыралы дегенбиз. Кичине кечиктик. Курулушту бир жарым айда бүтүрдүк. Биздин ишти кийинки муун улантат деп ишенебиз", — деди ал.
Үй 350 миң сомго чукул каражатка курулган.