БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кыргызстандын армрестлинг (кол күрөш — ред.) боюнча курама командасы Ысык-Көлдө өткөн Азия чемпионатында экинчи орунду багындырды. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдеш 9-11-июнь күндөрү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн.
![Кыргызстандын армрестлинг (кол күрөш — ред.) боюнча курама командасы Ысык-Көлдө өткөн Азия чемпионатында экинчи орунду багындырды Кыргызстандын армрестлинг (кол күрөш — ред.) боюнча курама командасы Ысык-Көлдө өткөн Азия чемпионатында экинчи орунду багындырды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104466/53/1044665398_0:0:1931:1214_600x0_80_0_0_f5f570f930efaa73a82677b5ecb7e9a2.jpg)
![мелдеш 9-11-июнь күндөрү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн. мелдеш 9-11-июнь күндөрү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104466/54/1044665403_0:0:1848:1163_600x0_80_0_0_260ae6c385f70282b683b2e32ffae0ec.jpg)
![Медалдар эркектер, аялдар, жаштар, ардагерлер жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында ойнотулуп, спортчулар 121 салмак түрү боюнча оң жана сол кол менен мелдешишкен. Медалдар эркектер, аялдар, жаштар, ардагерлер жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында ойнотулуп, спортчулар 121 салмак түрү боюнча оң жана сол кол менен мелдешишкен. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104466/53/1044665388_0:0:1709:1074_600x0_80_0_0_cd448da5af8e78b04f107ee760024a73.jpg)
![Турнирге Азиянын он өлкөсүнөн 517 спортчу катышкан. Турнирге Азиянын он өлкөсүнөн 517 спортчу катышкан. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104466/53/1044665393_0:110:1938:1329_600x0_80_0_0_23ef8cf44816b6bfee050e6d976d9440.jpg)
Медалдар эркектер, аялдар, жаштар, ардагерлер жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында ойнотулуп, спортчулар 121 салмак түрү боюнча оң жана сол кол менен мелдешишкен. Турнирге Азиянын он өлкөсүнөн 517 спортчу катышкан.
Командалык эсеп боюнча биринчи орунду 376 медаль менен Казакстан ээлеген. Медалдарды бөлүп айта турган болсок, 174 алтын, 142 күмүш жана 51 коло болгон.
Ал эми үчүнчү орунду 110 медалды алуу менен Өзбекстандын командасы алган: 26 алтын, 32 күмүш жана 52 коло.