Чопону даярдоого жок эле дегенде бир ай убакыт керектелет. Даяр болгон соң атайын аппараттын жардамы менен чопону ийге келтирип, керектүү форма чыгарып, өзү каалаган буюмду жасайт.
"Даяр болгон буюм жогорулатылган температурада бир сутка кармалып, кайра акырындык менен муздатылат. Мындай ыкма менен жасалган буюм бекем болот", — деди ал.
Мурзаев көл өнөрчүлүк кесипти үй-бүлөсүнүн негизги киреше булагына айланткан.
"Негизинен чопо менен иштегендер сүрөтчү да болушу керек. Себеби сүрөтчүлөр гана ойлогон оюн чопого түшүрө алышат. Негизинен жасаган буюмдарда көбүнчө тарыхый жерлерди, каармандарды чагылдырам. Чопо менен иштөө бир топ түйшүктүү келет. Бардык эле чопону пайдалана албайбыз. Чопонун курамына өзгөчө маани берилет. Андан сырткары, ар бир эле киши чопо менен иштеп кете албайт. Шакирт болууну каалаган көп эле балдар кайрылган. Бирок чыдамы кеткенде бул өнөрдү бат эле таштап салышат", — деди ал.
Мурзаев өлкө аймагында уюштурулган ар кандай көзгөзмө-жарманкелерге такай катышат. Жасаган эмгектери 100 сомдон 12 миң сомго чейин бааланат.
1997-98-жылдары Кыргызстанда уюштурулган көргөзмөдө Шарабидин Мурзаевдин эмгектери алтын медалга татыган болсо, 2000-жылы Германияда өткөн сынакта да алдыңкы орунду багындырып, алтын медаль алууга жетишкен.