00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
18:51
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
08:58
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Будь в курсе
Как подойти кыргызским школьникам к выбору ВУЗа в России?
12:08
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Чакан жана орто бизнеске пайызсыз насыя берүү программасы натыйжа бердиби?
13:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда таштанды чогултууга канча жана эмне үчүн акы төлөө сунушталууда?
13:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
14:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Конгресс аналитиков: новые исследования и проекты для будущего Евразии
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Келечектин каржысы. Кытай санарип акчаны кантип ишке ашырды?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
День пожилого человека: какого внимания хочется людям «серебряного возраста» в КР
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стимул
Китеп дүйнөсүнө жол көрсөткөн китепканачылар – Санарип доорунда китепкананын ролу кандай өзгөрүүдө?
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
20:06
48 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
23:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Араванда 82 жаштагы студент аксакал төртүнчү кесипке ээ болду. Видео

Жазылуу
"Студент аксакал" атка конгон Маматмуса Кулматов окуу жайга күн сайын 10 чакырымдай жөө басып келет. Жөө жүрүү анын хоббисине айланган.

Карыя учурда 82 жашта. Улгайдым, чарчадым дебестен 79 жашында Араван районундагы "Дулдул тоо" колледжинин фармакология факультетине тапшырган. Бул жылы окуу жайды жалаң "5" деген баага аяктоо алдында турат.

Аспирантурада окуган 80 жаштагы Төлөгөн ата диссертация жактайм деп турат - Sputnik Кыргызстан
Аспирантурада окуган 80 жаштагы Төлөгөн ата диссертация жактайм деп турат
Бүгүн, 17-июнда, акыркы мамлекеттик сынакты ийгиликтүү тапшырган Маматмуса Кулматовдун кубанычында чек жок. Анткени аксакал студент медицина жаатында билим алып, дарыгер болууну бала кезинен бери кыялданып келген. Бирок анын ойлогон оюн кыстаган турмуш жеңип, Улуу Ата мекендик согушка кеткен атасынан алты жашында, апасынан тогуз жашында айрылган. Оор илдеттен айыкпай көз жумган апасынын өлүмү аксакалды дарыгер болууга түрткөндүгүн айтат.

Ал буга чейин ОшМУнун биология жана химия факультетин, андан соң Токмок шаарындагы авиация окуу жайын бүтүргөн. Мындан сырткары, агроном кесибине да ээ. Ай сайын алган алты миң сом пенсиясын окуу акысына төлөп, учурда төртүнчү кесибине ээ болду.

Окуу жайдын директору Сүйүндүк Абжалованын айтымында, Маматмуса Кулматов окуу жайдын тарыхында эң улуу студент болуп кала берет.

© Sputnik / Зульфия Тургунова"Студент аксакал" атка конгон Маматмуса Кулматов
Араванда 82 жаштагы студент аксакал төртүнчү кесипке ээ болду. Видео - Sputnik Кыргызстан
"Студент аксакал" атка конгон Маматмуса Кулматов

"Бир күндө төрт пара болсо, чарчадым деп кетип калбай сабактардын баарына катышат. Кечигип келген учуру болгон жок. Тескерисинче, жаштардан калышпай билим алганы үлгү болду. Аксакал студентибиздин буга чейин биология жаатында билими жана тажрыйбасы болгондуктан практика учурунда Өзгөн жана башка аймактардын тоолорунан окутуучулар билбеген дары чөптөрдү таап, таң калтырды. Биз бул бүтүрүүчүбүз менен сыймыктанабыз. Кол жазуусу да шурудай тизилип, өзгөчө", — деди Абжалова.

Тайпалашы Бактияр Мадалиев аксакал неберелери менен тең жаштарга дене тарбия сабагынан да үлгү көрсөткөнүн белгиледи.

"Бизден калышпай турникке тартынат. Жөө чуркайт. Энергиясы ашып-ташып турган аксакал", — деди Мадалиев.

Маматмуса Кулматов фармакология факультетине тапшырар алдында анын жакындары каршы болгондугун айтат.

Турникте жаш жигиттей чимирилген 67 жаштагы Дамир Жунушов. Видео - Sputnik Кыргызстан
Турникте жаш жигиттей чимирилген 67 жаштагы Дамир Жунушов. Видео
"Байбичем "чарчайсыз, кыйналасыз" деп мени аяп жатты. Бирок өмүр бою окуп, билим алуу хадисте да айтылган. Адам дайыма жакшы ойлор менен жашап, позитивдүү жүрсө өмүрү да узарат. Максаттарына да жетет. Ошол себептен 82де экениме карабай тынымсыз билим алып жатам. Бишкек шаарындагы бир катар окуу курстарынан да медицина жаатында билим алдым. Себеби алдыма койгон адам өмүрүн сактап калуу деген чоң максатым бар болчу. Бул эң ыйык милдет деп билем", — деди ал.

Буга чейин ал дары чөптөрдүн жардамы менен айрым илдеттерди айыктырып келген.

Эми билимдүү адис катары бул кесибин улантып, дары чөптөрдү изилдеп, кандидаттык диссертация жазууну максат кылууда.

"Учурда дары чөптөр боюнча иликтөөлөрүмдү жазып, сактап жүрөм. Буюрса китеп жазам", — деди Кулматов.

41 жаштагы уулу Равшан Кулматов атасы өжөрлүгүнүн арты менен 82 жашында дагы бир окуу жайды аяктаганын сыймык менен айтат.

"Атам бизге караганда тыңыраак. Бизден калышпай кетмен чаап, талаада иштейт. Багбанчылык, устачылык менен да алектенет", — деди ал.

Студент аксакал байбичеси экөө бир уул, төрт кызды эрезеге жеткирген. Учурда 18 неберенин, бир чөбөрөнүн сүйүктүү чоң атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0