БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. 19-июнда түнкүсүн кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Таласта +24…+29 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29…+34, Ысык-Көлдө жана Нарын жергесинде +21…+26 градус жылуу болот.
Ош жана Бишкек шаарларында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге чейин жетиши күтүлөт. Күндүн табы Ошто +31…+33, Бишкекте +29…+31 градуска жетет.