ТУРКЕСТАН, 23-июн. — Sputnik. Кыргызстандык фермерлер Казакстанда өтүп жаткан асыл тукумдуу кочкорлордун фестивалына катышууда. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.
![Кыргызстандык фермерлер Казакстанда өтүп жаткан асыл тукумдуу кочкорлордун фестивалына катышууда Кыргызстандык фермерлер Казакстанда өтүп жаткан асыл тукумдуу кочкорлордун фестивалына катышууда - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104479/75/1044797588_63:-1:1209:720_600x0_80_0_0_5b2f9f0992e2951b13c72a6b70012d99.jpg)
![Фестиваль Туркестан облусундагы Сайрам районунун Колкент айылында өтүүдө Фестиваль Туркестан облусундагы Сайрам районунун Колкент айылында өтүүдө - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104479/75/1044797578_26:0:1172:720_600x0_80_0_0_7392b905eef5c9b24fa32e20b82e7c9a.jpg)
![Анда Кыргызстан менен Казакстандын командасы күч сынашып жатат Анда Кыргызстан менен Казакстандын командасы күч сынашып жатат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104479/75/1044797583_35:0:1181:720_600x0_80_0_0_b5eb1963d6928ffb161c3ab15a2a79ef.jpg)
![Буга чейин Россиянын, Өзбекстандын жана Тажикстандын командалары да ат салышары маалымдалган. Уюштуруучулардын айтымында, алар фестивалда калыстык милдетти аткармай болду. Буга чейин Россиянын, Өзбекстандын жана Тажикстандын командалары да ат салышары маалымдалган. Уюштуруучулардын айтымында, алар фестивалда калыстык милдетти аткармай болду. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104479/75/1044797573_7:-1:1153:720_600x0_80_0_0_c44086b0d428f533194ea87219fa62c2.jpg)
Фестиваль Туркестан облусундагы Сайрам районунун Колкент айылында өтүүдө.
Анда Кыргызстан менен Казакстандын командасы күч сынашып жатат. Буга чейин Россиянын, Өзбекстандын жана Тажикстандын командалары да ат салышары маалымдалган. Уюштуруучулардын айтымында, алар фестивалда калыстык милдетти аткармай болду.
Ошондой эле фестивалдын алкагында кой кыркуу, кой союп, устукандоо, тамак жасоо боюнча номинациялар каралган.
Кыргызстандык фермерлер фестивалга 15 асыл тукум кочкор алып келишкен.
Жеңүүчүлөр кубок жана дипломдор менен сыйланары айтылды.
Иш-чараны казакстандык "FERMER.KZ" коомдук бирикмеси уюштурууда. Фестиваль быйыл экинчи ирет өтүп жатат.