БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарынын программасына брейк-данс, скейтбординг, аскага чыгуу жана сёрфинг киргизилет. Мындай чечим Эл аралык Олимпиада комитетинин жыйынында кабыл алынганы уюмдун расмий сайтына жарыяланды.
OFFICIAL: Breaking, skateboarding, sport climbing and surfing provisionally confirmed for inclusion at #Paris2024.
— Olympic Channel (@olympicchannel) 25 июня 2019 г.
Full story: https://t.co/93p1u6yQCQ
@DanceSportTotal @IFSClimbing @ISAsurfing @WorldSkate_news @Paris2024 pic.twitter.com/TO9kabY0rP
Уюмдун президенти Томас Бахтын айтымында, спорттун бул төрт түрү олимпиада кыймылын өнүктүрүү программасына туура келет.
Жаңы спорттун түрлөрүн программага киргизүү жана квоталарды бөлүштүрүү маселеси уюмдун 2020-жылдын декабрь айындагы жыйынында каралып, расмий чечим чыгат.