ЫСЫК-КӨЛ, 27-июн. — Sputnik. Россияда иштеп ийгилик жараткан кыргызстандык мигранттар кичи мекени Ысык-Көлгө келип, айылдардын өнүгүшүнө кол кабыш кылуу үчүн фонд түзүү сунушун беришти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди.
Анын айтымында, Россиядан келген мигранттар Ысык-Көл облусунун айрым айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана район башчылары менен жолугушууда.
![Россияда иштеп ийгилик жараткан кыргызстандык мигранттар кичи мекени Ысык-Көлгө келип, айылдардын өнүгүшүнө кол кабыш кылуу үчүн фонд түзүү сунушун беришти. Россияда иштеп ийгилик жараткан кыргызстандык мигранттар кичи мекени Ысык-Көлгө келип, айылдардын өнүгүшүнө кол кабыш кылуу үчүн фонд түзүү сунушун беришти. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104484/87/1044848711_0:42:1081:720_600x0_80_0_0_e933cb534de7ff802cb8cb989cc70f52.jpg)
![Россиядан келген мигранттар Ысык-Көл облусунун айрым айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана район башчылары менен жолугушууда. Россиядан келген мигранттар Ысык-Көл облусунун айрым айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана район башчылары менен жолугушууда. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104484/87/1044848716_0:26:1080:704_600x0_80_0_0_caee77fc7bb7263f3dcd9da5d6d6db5e.jpg)
Иш-чаранын жүрүшүндө мигранттардын аткарган иштери, алдыга койгон максаттары жана ийгиликтери тууралуу сөз болгон. Ошондой эле жер-жерлерде айылдарды өнүктүрүү фонддорун түзүү сунушу берилди. Анын негизги максаты — айылдардын социалдык абалын жакшыртуу.
"Фонддун ишин ага мүчө болгон жергиликтүү тургундар, көз карандысыз комиссия карайт. Андагы каражаттар айылдын муктаждыктарына жумшалат", — деди кабарчы.
Жолугушууга Россиядагы "Ысык-Көл ынтымагы" коомдук фондусунун мүчөлөрү Акбар Маразыков, Кубанычбек Осмонбеков, Руслан Алыбаев, Азамат Абылгазиев, Рустам Каримбеков жана бир катар өкүлдөр келген.