Мурдагы президент Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүндө чогулган эл микроавтобустар менен "Форум" имаратынын алдына келип, саат 16:00дөр чамасында митинг башталган. Анда чогулгандар бийликке болгон нааразычылыктарын билдирген. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы бийликке карата бир катар сындарын айткан.
Атамбаев өз сөзүндө эч кимден коркпой турганын, анткени үстүндө Кудайы, артында колдогон эли бар экенине токтолду.
Андан сырткары, мурдагы президент бийликке жаңы лидерлер келиши керектигин, аларды колдоо үчүн бардык аракетин көрө турганын белгиледи.
Митингдин жыйынтыгында азыркы бийликке 7 талап коюлуп, резолюция кабыл алынды.
Sputnik Кыргызстан агенттиги митингди тексттик трансляция аркылуу чагылдырды.