БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Ош облустарында мамлекеттик органдар менен жеке секторлор климаттын өзгөрүшүнө даярдык көрүү боюнча консультацияларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
![Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Ош облустарында мамлекеттик органдар менен жеке секторлор климаттын өзгөрүшүнө даярдык көрүү боюнча консультацияларды жүргүзүүдө Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Ош облустарында мамлекеттик органдар менен жеке секторлор климаттын өзгөрүшүнө даярдык көрүү боюнча консультацияларды жүргүзүүдө - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104491/87/1044918722_0:0:3072:1930_600x0_80_0_0_c729af9066bafad7089320ec13d8b3a9.jpg)
![Иш-чараны Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги менен ФАО биргеликте уюштурган Иш-чараны Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги менен ФАО биргеликте уюштурган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104491/87/1044918725_0:156:1281:960_600x0_80_0_0_8942610ab6daca2364c731a265e185dd.jpg)
![Маалыматка караганда, 2015-жылдан бери жогоруда аталган мамагенттиктин мойнунда БУУнун Жашыл климат фонду менен иш алып баруу милдети турат. Маалыматка караганда, 2015-жылдан бери жогоруда аталган мамагенттиктин мойнунда БУУнун Жашыл климат фонду менен иш алып баруу милдети турат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104491/87/1044918735_0:156:1281:960_600x0_80_0_0_18699e16b752e866b5446f7422f3a781.jpg)
Иш-чараны Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги менен ФАО биргеликте уюштурган.
Маалыматка караганда, 2015-жылдан бери жогоруда аталган мамагенттиктин мойнунда БУУнун Жашыл климат фонду менен иш алып баруу милдети турат. 2017-жылы агенттик фонд менен иштешүү үчүн грант сураган.
"Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги программаны ишке ашырууга тийиштүү органдарды тартууга бардык аракетин жумшап жатат. Климаттын глобалдык өзгөрүүсүнөн улам келип чыккан терс көрүнүштөрдү азайтуу үчүн ички жана тышкы ресурстарды колдонуу керек", — деп айтылат маалыматта.
БУУ климаттын өзгөрүшү азык-түлүктү өндүрүүдө көйгөй жаратып, суунун деңгээлин көтөрүп, жаратылыш кырсыктарына алып келиши мүмкүн деген пикирде. Ошондой эле аталган уюм климаттын өзгөрүшүнө азыртадан даярдык көрүлбөсө кийин чыгымдар көбөйүп кетерин белгилейт.