БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Балыкчы — Корумду жолунун башталышындагы, тагыраагы, Балыкчы шаарынын ичиндеги жети чакырымдык Аманбаев көчөсүнө асфальт төшөлө баштады. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Алишер Табалдиевдин сөзүнө таянып жергиликтүү кабарчы билдирди.
![Балыкчы — Корумду жолунун башталышына асфальт төшөлө баштады Балыкчы — Корумду жолунун башталышына асфальт төшөлө баштады - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104493/44/1044934458_0:26:1008:660_600x0_80_0_0_517ffe39b5c14a202efaf4a6c262a4fa.jpg)
"Учурда жолдун эки чакырымдай жерине асфальттын биринчи катмары төшөлүп бүттү. Суу түтүкчөлөрү жана агынды суулар өтө турган арыктар жасалып бүткөн соң жети чакырымы тең бетондолот", — деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми калган бөлүгү каражаттын жоктугунан быйыл бүтүрүлбөй турганын 27-июнь күнү парламентке келген финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков айткан эле.
Балыкчы — Корумду жолун оңдоо иштери боюнча кыргыз өкмөтү менен кытайлык "Лонг Хай" компаниясынын ортосунда 2015-жылы келишим түзүлүп, оңдоо иштери 2016-жылы башталган. Көп өтпөй подрядчы тандоо боюнча чуу чыгып, ал кездеги премьер-министр Темир Сариев кызматтан кеткен.