00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бообекова: кесип тандоодо ата-эне баласына басым жасабашы керек

© Sputnik / Асель АкматалиеваПедагогика илимдеринин кандидаты, психолог Кадиян Бообекова. Архив
Педагогика илимдеринин кандидаты, психолог Кадиян Бообекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Педагогика илимдеринин кандидаты, психолог Кадиян Бообекова кесип тандап жаткан балага ата-эненин колдоосу өтө чоң мааниге ээ болорун айтты.
Бообекова: кесип тандоодо ата-эне баласына басым жасабашы керек

Келечектеги кесибин тандоо алдында турган балага ата-эне такыр көңүл бөлбөй же, тескерисинче, кандайдыр бир кесипти таңуулап, басым кылганы туура эмес.

Бул тууралуу Кадиян Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ата-эне баласынын жөндөмүн жана мүмкүнчүлүгүн эске алып, колдоо иретинде гана багыт көрсөтүп туруш керек.

"Ата-энелер көңүлүнө жаккан же өздөрү аркалаган кесипти балдарына да таңуулап, ушул жолду жолдойсуң деп мажбурлаган учурлар болуп келет. Бул туура эмес. Анткени бала ал кесипти жактырбашы же ага шыгы жок болушу мүмкүн. Бирөөнүн көңүлүнө карап кесип тандаган бала окуганда да кыйналат, кийин иштеп баштаганда да жумушуна ичи чыкпайт. Ошондой эле "өзүң бил, кааласаң окубай эле кой, окуп чилистен болот белең" деп кайдыгер мамиле кылуу дагы өтө терс көрүнүш. Мындай мамиле баланын өзүнө болгон ишенимин солгундатат. Мындан улам мектепти аяктап, келечектеги кесибин тандоо алдында турган улан-кыздарга ата-эне багыт көрсөтө турчу колдоочуга айланышы керек. Себеби, ата-эненин ою бала үчүн өтө чоң мааниге ээ болот. Сөзсүз баланын жөндөмүн эске алып, анын шыгына жараша кеңеш берүү зарыл. Жашоосундагы олуттуу тандоонун бирин жасап жаткан абитуриентке жакын адамдарынын жанында болуп, колдоп турганы кесибин туура тандаганга өбөлгө болот", — деди психолог.

Ошондой эле ал мектептерде психологдор иш алып барып, жогорку класстын окуучулары жана бүтүрүүчүлөргө кесип тандоо боюнча кеп-кеңештерин берип турушу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0