БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Фотограф Геннадий Закиров Sputnik Кыргызстан агенттигине Жалал-Абад облусунун аймагында жайгашкан Сары-Челек көлүнүн сүрөттөрүн берди.
![Фотограф Геннадий Закиров Sputnik Кыргызстан агенттигине Жалал-Абад облусунун аймагында жайгашкан Сары-Челек көлүнүн сүрөттөрүн берди Фотограф Геннадий Закиров Sputnik Кыргызстан агенттигине Жалал-Абад облусунун аймагында жайгашкан Сары-Челек көлүнүн сүрөттөрүн берди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104502/71/1045027114_130:0:1333:802_600x0_80_0_0_cab342758c2575655f20bf97285af75d.jpg)
![Бул ирмемдер фотоаппаратка июнь айынын башында тартылган Бул ирмемдер фотоаппаратка июнь айынын башында тартылган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104502/71/1045027119_0:54:1394:930_600x0_80_0_0_c128872b5f356a1c7d78dff3917d7232.jpg)
![Сары-Челек биосфералык коругу — Чаткал, Ат-Ойнок кырка тоосунда жайгашкан Сары-Челек биосфералык коругу — Чаткал, Ат-Ойнок кырка тоосунда жайгашкан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104502/71/1045027124_124:0:1500:865_600x0_80_0_0_f6cca06610d7953eeb7046000618aec1.jpg)
![Коруктун негизги милдети — уникалдуу жаңгак токою комплексин, кооз көлдүн тегерегиндеги кайталангыс ландшафтты сактоо жана изилдөө Коруктун негизги милдети — уникалдуу жаңгак токою комплексин, кооз көлдүн тегерегиндеги кайталангыс ландшафтты сактоо жана изилдөө - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104502/71/1045027129_0:0:1364:909_600x0_80_0_0_e860339c7210d1daf8fe82c9a0d5f804.jpg)
![2016-жылы 17-июлда Сары-Челек жаратылыш коругу ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген 2016-жылы 17-июлда Сары-Челек жаратылыш коругу ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104502/71/1045027134_0:0:1444:963_600x0_80_0_0_6e31177e6d648372ab03a375f1943d7c.jpg)
![Аянты 23,8 миң чарчы метр, анын ичинен көлдүн аянты 492 чарчы метрди түзөт. Аянты 23,8 миң чарчы метр, анын ичинен көлдүн аянты 492 чарчы метрди түзөт. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104502/71/1045027139_0:0:1368:911_600x0_80_0_0_3e7b72fef99f4d0b108f740d5445f089.jpg)
![Коруктан миңге чукул өсүмдүктөрдүн, 40тан ашуун жаныбардын, 150дөн ашык канаттуулардын түрлөрүн кезиктирүүгө болот. Коруктан миңге чукул өсүмдүктөрдүн, 40тан ашуун жаныбардын, 150дөн ашык канаттуулардын түрлөрүн кезиктирүүгө болот. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104502/71/1045027144_0:53:1400:933_600x0_80_0_0_7c6020721697531c1dc91c0222b2ddbd.jpg)
Бул ирмемдер фотоаппаратка июнь айынын башында тартылган.
"Ал жерге бир нече күн барып эс алып, кооздугун карап отургуң келет. Сүрөттөрдүн баары бир күндө тартылган. Аба ырайы сонун болду. Жолдо бара жатканда эле жаратылыш кандай рахат тартуулайт. Сары-Челекке жеткиче жылдын төрт мезгилин көрүүгө болот", — деп билдирген ал.
Сары-Челек биосфералык коругу — Чаткал, Ат-Ойнок кырка тоосунда жайгашкан.
2016-жылы 17-июлда Сары-Челек жаратылыш коругу ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.
Аянты 23,8 миң чарчы метр, анын ичинен көлдүн аянты 492 чарчы метрди түзөт. Коруктан миңге чукул өсүмдүктөрдүн, 40тан ашуун жаныбардын, 150дөн ашык канаттуулардын түрлөрүн кезиктирүүгө болот. Ири жаныбарлардын арасынан илбирс, бугу, карышкыр, түлкү, аюу, кашкулак бул аймакты байырлайт.