00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар! Алыкул Осмоновдун кеп казынасы

© Sputnik / Табылды КадырбековАкын Алыкул Осмоновдун портрети. Архив
Акын Алыкул Осмоновдун портрети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сөз атасы болуп, ойлордун туу чокусун кармаган кеменгерлердин айткандарын "Кеп казына" аркылуу тартуулап келебиз. Бул ирет классик акын Алыкул Осмоновдун учкул кептерин сунуштайбыз. Илип алам дегендерге күмүш сырга болсун.

Алыкул Осмонов 1915-жылы Панфилов районуна караштуу Каптал-Арык айылында туулган. Токмоктогу балдар үйүндө тарбияланып, ошол жерде адабий китептерге кызыгып, өз алдынча ыр жазып баштайт. 14 жашынан тарта Фрунзе педагогикалык техникумунда билим алган. Ал жакта адабий ийримдерге катышып, орустун белгилүү жазуучуларынын чыгармалары менен таанышат.

Алыкулдун үй-музейинин абалы. Убайымга салган таберик жай, упаранган дубалдар - Sputnik Кыргызстан
Алыкулдун үй-музейинин абалы. Убайымга салган таберик жай, упаранган дубалдар
1930-жылы "Сабаттуу бол" гезитинин сентябрь айындагы санында биринчи жолу "Кызыл жүк" деген ыры басылып, адабий тушоосу кесилет. Ушундан баштап анын ырлары гезит, журналдарга үзбөй жарыялана баштаган.

Алыкул Осмонов 1935-1950-жылдар аралыгында ондон ашык ыр китептердин ээси болот. "Таңдагы ырлар", "Жылдыздуу жаштык", "Чолпонстан", "Махабат", "Жаңы ырлар", "Менин жерим — ырдын жери" деген жыйнактары жарык көргөн. "Мой дом" аттуу ырлар жыйнагы 1950-жылы Москвадан орус тилинде басылып, окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынган.

Залкар акын 1950-жылы 12-декабрда 35 жашында дүйнө салган.

Алыкул Осмоновдун поэзия казынасынан:

Ырас, өмүр кандай кыска, кандай аз…
Тагдыр ошол, өлчөмүнөн көп кылбас.
Бирок чиркин аздыгына мейли эле,
Анын октой тездигине катат баш.

Токточу өмүр, токточу өмүр, токтой тур!
Көзүң чуңкур, өңүң кансыз, сары сур.
Тил албассың, жоголо бер, кете бер,
Сенден күчтүү, сенден өжөр бул учур.

***

Бар болгула, түгөнбөйлү, курдаштар,
Узак, узак, узак болсун бул сапар.
Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да,
Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар.

***

Кеткен кетти, өткөн өттү бирдеймин,
Кечтим дайра агымынын миңдейин.
Кемибеген кенч экен го тирүүлүк,
Кенч дебесем анан аны не дейин?

Калган калды, бирин көзгө илбеймин,
Бастым ашуу, тайгак жолдун миңдейин.
Шаан-шөкөт, той экен го тирүүлүк,
Той дебесем анан аны не дейин?
Жашоо чиркин, бир тамшаным нерсе экен,
Кант жедимби, бал жедимби, билбеймин.

***

Шамал айдап көлдүн киргил көбүгүн,
Кашка суудай мөлт дей түшкөн өмүрүм,
Жыл айланып, өткөн сайын жаштык күн
Улам сулуу, улам ысык көрүндүң.

***

…Сүйүү деген — сүйүү эмес эринден,
Сүйүү деген — от чачышуу жүрөктөн…

***

Бул турмушта нечен бекем издер бар,
Добул уруп, сел жүрсө да кетпеген.
Не бир нечен, не бир эстүү адамдар
Дайрадан кең акыл менен жетпеген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0