00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Алты жашар балага арак берип өлтүрдү деп шектелген киши кармалды

Жазылуу
Бөбөк 12-июль күнү ооруканага түшкөн.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Аракка ууланып чарчап калган баланын өлүмүнө шектелген киши Жайыл районунан кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин маалымат кызматы билдирди.

Молоток судьи - Sputnik Кыргызстан
Атасынан өч алам деген. Ноокенде 7 жашар баланы өлтүргөн киши өмүр бою кесилди
Эске сала кетсек, 12-июлда дарыгерлер Жайыл РИИБине кайрылып, ооруканага аракка ууланган бөбөк алып келингенин билдиришкен. Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге дароо барып, жабырлануучу 2012-жылы туулган П.Ю. аттуу бала экенин аныктаган. Андан соң милиция кызматкерлери анын 30 жаштагы энесин суракка алган.

Укук коргоо кызматкерлерине тестиердин апасы 60 жаштагы жаран менен бирге жашап, 11-июлда түндө өзүнүн курбусу менен үйдө арак ичкенин айткан. Андан соң ал жерге курбусунун жолдошу келип, кожойкени сабап жиберген. Келин ал жактан качып кетип, үйгө түн ортосунда келген. Анын айтымында, ошол маалда уулунун уктап жатканын көрүп өзү да жатып алган. Эртең менен турганда баланын абалы начар экенин көрүп дарыгерлерге кайрылган.

Окуянын башка катышуучулары да көрсөтмө беришкен. Алар үй ээсинин А.П. аттуу 31 жаштагы уулу келип, алар менен чогуу арак ичкенин айтышкан. Арак жок калганда түндө дүкөнгө барып алып, андан ары башка үйдө ичишкен. Алты жаштагы бала аларды ээрчип келип, курсагы ачканын айткан. А.П. анын колуна помидор карматып, күч менен эки стакан арак ичирип, бөбөктү башка чапкан. Бала кайра үйгө кетип калган.

"Ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында шектүү катары дал ошол А.П. кармалып, Жайыл РИИБинин убактылуу кармоо жайына киргизилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Тестиердин өлүмү боюнча факты буга чейин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 137-беренеси ("Өзүн-өзүн өлтүрүүгө түртүү") боюнча катталган. Кийин ал ошол эле кодекстин 138-беренесине ("Ден соолукка оор залака келтирүү") которулган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0