00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
14:50
8 мин
14:58
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Утро хорошего дня
Ответственный шаг: что нужно знать, прежде чем завести домашнего питомца
06:05
44 мин
On air
06:58
2 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын 100 жылдыгы кандай белгиленет?
07:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Утро хорошего дня
Как будут регулировать порядок труда работников на «удалёнке» в Кыргызстане
08:05
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Туризмди колдоо фонду кандай инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырып жатат?
09:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
«Другой туризм». Почему Кыргызстану стоит разнообразить ассортимент турпредложений?
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Аралыктан иштөө долбоору иштелип чыкты. Долбоордо кандай өзгөрүүлөр бар?
13:04
23 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Курулушка лицензия берүүдө керектелүүчү документтер кыскартылды. Мындан ары кайсы документтер талап кылынат?
13:31
21 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Мал базарлар, мал соючу жайлардын абалы кандай?
15:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
Проект документа о регуляции работы «удаленщиков»: будет ли он работать на практике
16:05
20 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан улуттук инвестициялык фонд түзмөй болду. Эмне ши аткарат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Россиялык режиссер кыргыздын Король Лирин жаратты. Король Лир спектакли тууралуу маек
19:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Ачык кеп
Мал базарлар, мал соючу жайлардын абалы кандай?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Министрдин орун басарын Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө киргизбей коюшту

© Sputnik / Нурис АлымбаевИчки иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнө келди
Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнө келди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы президентке сурак берүү боюнча үч жолу билдирүү жөнөтүлгөн.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнө келди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Атамбаевдин үйүнө кире албай койгон министрдин орун басары. Видео - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин үйүнө кире албай койгон министрдин орун басары. Видео
Ал Кой-Таш айылына ИИМдин тергөө тобунун жетекчиси менен чогуу барган. Атамбаев буга чейин суракка келүү боюнча үч ирет кат түрүндө билдирүү алган. Бирок мурунку президент бийлик мыйзам жолуна түшмөйүнчө сурак берүүгө барбай турганын билдирген.

Каниметов менен Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева жолукту. Ага тергөөчүлөр Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча иштин алкагында суракка алганы келишкенин айтышты. Жолдубаева өз кезегинде буга чейин келген билдирүү каттарынын баары мыйзамсыз экенин белгиледи. Андан сырткары, Жогорку Кеңештин Атамбаевди экс-президент статусунан ажыраткан чечимин Конституциялык палатага даттанышканын маалымдады.

"Арызды ноябрь айында карашат. Ага чейин Атамбаев милицияга басып да барбайт", — деди ал.

Министрдин орун басары журналисттерге Атамбаевдин үйүнө "сотко чейинки тергөө иштеринин алкагында" келгенин билдирди.

"Тергөө үч жолу билдирүү катын жиберди. Бирок бүгүнкү күнү Атамбаевдин өзү да, анын өкүлдөрү да суракка келген жок", — деди Каниметов.

Ал ошондой эле журналисттердин "Атамбаевди күч менен алып баруу болобу?" деген суроосуна, "бардыгын тергөөчү мыйзам негизинде чечет" деп жооп берди.

Атамбаевдин статусунан ажырашы

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин тегерене бийлегенин көрдүңүз беле? Кой-Таштан алынган сүрөт
Эске салсак, Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыраткан. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттеги депутаттык комиссия койгон алты күнөөнүн бешөө негиздүү экенин ырастап, бул боюнча өзүнүн корутундусун дагы билдирген. 

Алар: Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз алуу, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна, акча адалдаган "Ака инвест" сыяктуу бир нече компанияга тиешеси бардыгы, Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупциялык иштер жана ТЭЦке көмүр ташыган компаниянын кызыкчылыгын коргоо маселеси.

Батукаевдин иши

Азиз Батукаев 2006-жылы баңгизатты мыйзамсыз сактоо, жарылуучу заттарды жана курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү, массалык башаламандык уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылган. 2008-жылы абак тартибин бузганы үчүн жаза мөөнөтүнө дагы эки жыл кошулуп, Нарындын №24 абагына которулган. Бирок 2013-жылдын 9-апрелинде оор дартка кабылганына байланыштуу делип бошотулуп, Кыргызстандын аймагынан Грозныйга учуп кеткен. 2014-жылдын 20-майында КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Батукаевге эл аралык издөө жарыялаган. ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Батукаев курал-жарак сактаганы үчүн үч жылга эркинен ажыратылып, Чечен Республикасында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.
2019-жылы апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ЖК жыйынында криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин иши кайра жанданганын билдирген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0