Төмөндөгү макаладан мына ушул суроолорго жооп алып, дагы башка көптөгөн кызыктарга туш болосуз. Гид кызматын аркалап келе жаткан Салтанат Муратбек кызы, Уланбек Уметов жана Руслан Тажиев бул кесиптин сырларын Sputnik Кыргызстан агенттиги жана радиосунун окурмандары менен угармандарына ачып берди.
— Урматтуу коноктор, маегибиздин башында баарыңыздарга бир суроо менен кайрылгым келип турат. Эмнеге бул кесипти тандап алдыңыздар?
Салтанат Муратбек кызы: — Өзүм Кочкор районунда туулуп-чоңойдум. Биздин көчөдө туристтер жайгашкан үйлөр арбын эле. Туугандарымдын көбү чет мамлекеттерде жашагандыктан, англис тилин үйрөнүүгө кичинекейимден кызыктым. Айылга келген туристтер менен англисче баарлашып, тажрыйба топтоп жүрдүм.
Күндөрдүн биринде эки турист менен таанышып, гид болгум келерин айттым. Алардын жардамы менен туристтерди тейлеген компанияга барып, полун жууп, чайын ташып аралашканыма эле курсант болуп жүрдүм. Бир күнү англис тилин билген гид жумушка келбей калып, француз кызына Соң-Көлдү көрсөтүп келүүгө мени жөнөтүштү. Анда 14 жашта элем. Алгачкы саякатым болгондуктан, өтө эле оор баштык көтөрүп алыптырмын. Болушунча өзүмдү профессионал гиддердей алып жүрүүгө аракет кылып, жолду катар жерлердин тарыхын айтып берип, компания койгон эрежелерди сактаганым менен куржунумду кардарым кошо көтөрүшүп жүрдү.
Жыйынтыгында менин үч күндүк маянамды толук төлөп бергенден сырткары дарегиме жакшы пикирин калтырып кеткен ал кардарым али да эсимде. Толкунданганымдан анын байланыштарын деле сурап калбаптырмын.
Уланбек Уметов: — Мен өзүм Исхак Раззаков атындагы техникалык университетинен программисттин окуусун окудум. Англис тилин билгендиктен жай мезгилинде туристтерди тосуп алып, бул багытта иштеген досторум менен бирге саякатка чыкчумун. Мындан сырткары, каникулдан пайдаланып, бир мейманканада төрт жыл эмгектендим. Ошентип отуруп көптөгөн чет элдик досторум пайда болду. Айрымдарына жардам берсем, кээ бирлеринен акы алып жүрүп, аралашып кеттим.
Дипломум боюнча башка кесиптин ээси болсом да жүрөгүм ушуну тандады. Иштеген ишиң рахат тартууласа, демек сен эс алууда гана жүрөсүң деп айтып коюшат го. Анын сыңары, гид болуунун кандай ой-кырлары болбосун, жаккан кесип болгондуктан түйшүгү билинбейт.
Руслан Тажиев: — Мен бул жумуштун кызыгына кийин баттым десем болот. Ата-энем конок үй ачып иштетип, туристтер менен коюн-колтук алышып эле чоңойгонум менен, тескерисинче, гид болуу же кандайдыр бир туризмге байланышкан кыялдарым жок эле. Бала кезимден мамлекеттик кызматкер болууну самап, орто мектепти аяктаган соң «салык жана салык салуу» адистиги боюнча окугам. Жогорку окуу жайды бүтүргөн соң түрдүү долбоорлор менен иштеп жүрүп, тил үйрөнүүгө кириштим. Ушинтип өз арбайымды согуп жүргөн күндөрдүн биринде атам 15-16 жылдан бери конок үзүлбөгөн мейманканасына туристтердин келбей калгандыгын айтып, мени шаардан айылга чакырды. Мойнум жар бербегени менен ата сөзүн жерге таштай албай бардым.
Бир күнү көчөдө баратсам, эки чет элдик саякатчы Соң-Көлгө ат менен кантип барса болорун сурап калышты. Ошол жерден эле кыздарга түшүндүрүп айтып бердим. Ал тургай чыгымдарынын наркын да санап койдум. Анткени ата-энемдин конок үйүнө байланыштуу түрдүү тренингдерге катышып, кайсы кызматтын баасы канча болуп, канча пайыз эмнеге кошуларын билчүмүн. Ал эле эмес, эки туристти өзүбүздүн конок үйгө жаткырып, айылдаштарымдын атын ижарага алып, айтор үч күндө өзүм 7000 сом иштеп таптым.
Соң-Көлгө болгон сапарыбыз абдан ийгиликтүү өттү. Кыздар да жылкы баласынан коркпогон, ат минип жүргөн туристтер экен. Мына ушул тур менин айыл жашоосуна, тоо туризмине, деги эле мекенге, жашоого болгон көз карашымды өзгөрттү.
Учурда бул үйбүлөлүк бизнести толук колго алып, Соң-Көлгө эки күндөн 21 күнгө чейинки ат менен чыккан турларды уюштуруп келем. Айылыбыздагы жаштар да туризмге массалык түрдө кызыгып, бири конок үйүн ачса, экинчиси жылкыларды таптап ижарага берип, кызуу эмгектенип жатышат.
— Аталган кесип эгемендүү Кыргызстан үчүн жаңы болгондугуна карабай тездик менен өнүгүп келе жатат десек болот. Анткени гиддер да тармактарга бөлүнөт эмеспи. Бизде кайсы багыты алдыда?
Р.Т.: — Өлкөбүз тоолуу аймак болгондуктан, албетте, ат минип сейилдегиси келген туристтер көп келишет. Кайсы жаатта суроо-талап болсо, ошол тармак өнүгөт эмеспи, учурда бул багытта жакшы жылыштар бар. Турларды мыкты деңгээлде уюштуруп, аттардын дагы, туристтердин дагы коопсуздугун сактап, башкача айтканда, тумшуктууга чокутпай, канаттууга кактырбай тоолорго алып чыгып келген балдар бар. Бирок бул багытында деле баары жакшы деп айтсак туура болбой калат, анткени башкы көйгөй тил билүү маселесинен келип чыгат.
У.У.: — Учурда ат минип чыкчу турга суроо-талап да көп, бул тармактагы гиддер да арбын. Ошондой эле жөө тур сүйүүчүлөрү бар. Маданий турларды көп сурашат. Мен бул үч түрүн тең эле айкалыштырып иштеп келем жана кийинки жылдан баштап велосипед менен турларга чыкканга даярданып жүрөм. Себеби кызыккан туристтер көп.
С.М. кызы: — Жигиттердин пикирине кошулам. Бирок гендердик саясат гиддер арасында да байкалат. Дегеним, мага окшоп ат менен же жөө турларга чыкканды кыздар анчейин жактыра беришпейт. Алар көбүнесе маданий саякаттарга ыкташат. Анан дагы биздин гиддердин чет элдик кесиптештеринен айырмасы — универсал келишет. Башкача айтканда, ар бир гид тамак жасаганды билет.
Ээн талаада туристтерге тамак жасап берүүгө туура келет. Жөн эле бир нерсени бышырып бербей, тарых-таржымалы бар даамдарды сурашат. Кардардын айтканы мыйзам дегендей, абалдан чыгууга туура келет.
У.У.: — Ооба, Салтанат бул маселени абдан жакшы козгоду. Мен дагы тоонун башында салат жегиси келгенин айткан туристке тикенектен салат даярдап бергенимди эстеп кеттим. Албетте, ашпозчулук тажрыйбам бар.
Айрым туристтер алардын коопсуздугуна да гид жооп берет деп ойлойт. Мындай учурда калем, кагаз берип, "кырсыктасам өзүм жооптумун" деп жазуусун суранабыз. Ошондо гана абал чын эле кооптуу экендигин түшүнгөндөй болушат.
Р.Т.: — Биздин конок үйүбүз Кызарт айылында жайгашкандыктан "Чабандын жашоосу" деп аталган программанын негизинде туристтерди тейлейбиз. Аты айтып тургандай, боз үй, кемегеге бышырылган тамак, жерге салынган көлдөлөң, айтор, кадимки чабандын жашоосу. Бирок айрым саякатчылар беш жылдыздуу мейманкалардын талаптарын коюшат. Биз мындай учурда түндүктөн жымыңдаган сан миңдеген жылдыздарды көрсөтүү менен каерге келгендерин түшүндүрөбүз.
— Гиддер кызыктуу окуяларга караганда кооптуусуна көбүрөк кезигеби деп калдым. Ушундай түрдүү учурларда кандайдыр бир белгиленген эреже, тартип болушу керек го. Бул багытта азыр мамлекеттик деңгээлде мыйзамдар кабыл алына элек. Абалдан кантип чыгып жатасыздар?
Жылкы минип тоо аралаган саякатты каалагандар көп. Ал дүйнөдө Чили, Россиянын Карачай-Черкес Республикасы сыяктуу саналуу гана жерлерде уюштурулат. Аларга караганда Кыргызстандын потенциалы чоң. Буга биздин тоолорубуз, жаратылышыбыздын кооздугу шарт түзөт. Андыктан, ат туруна кызыгып бизге туристтер көп келишет. Тилекке каршы, алардын дээрлик 70 пайызы үзөңгүгө алгачкы жолу бут салгандар. Жеке пикиримде, биз туризмдин ушул тармагын бренд катары алып, дүйнөгө таанылсак болот.
— Гид болуу үчүн кайсы сапаттарга ээ болуу керек?
У.У.: — Албетте, каалоо биринчи орунда турат. Жүрөгүң каалап турса, кыйынчылыктарын сезбейсиң. Эгер акчага же башка кызыкчылык менен бул кесипке келип алсаң, бат эле тажап кетишиң мүмкүн. Анткени түйшүгү күч.
С.М. кызы: — Биздин өлкөдө гид болгусу келген жаштарды спорт менен машыгууга чакырып кетет элем. Анткени кара күчтү талап кылган жумуш. Чоң эле адамга энесиндей болуп кам көрүп, ооруп калса алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, тажабай кооз сүйлөп жер таанытып жүрүүгө күч-кубат жана эбегейсиз зор чыдамкайлык керек. Муну спорттон гана алууга мүмкүн.
Р.Т.: — Кыргызда «Ашың болбосо да, кашың болсун» деген жакшы макал бар. Конфликтинин алдын алуу, келип чыккан маселени сүйлөшүү жолу менен чечүү, туристке кардардай эмес, коноктой сый мамиле көрсөтүү гиддин башкы куралы деп ойлойм. Анан, албетте, медициналык жалпы түшүнүк, география, ботаника, зоология илимдерин билүү, тез, так которо алуу, бай тарыхыбыздын жок дегенде өзүң саякатка чыгып жүргөн аймагы тууралуу маалыматка ээ болуу шарт.