00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
18:51
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
08:58
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Будь в курсе
Как подойти кыргызским школьникам к выбору ВУЗа в России?
12:08
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Чакан жана орто бизнеске пайызсыз насыя берүү программасы натыйжа бердиби?
13:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда таштанды чогултууга канча жана эмне үчүн акы төлөө сунушталууда?
13:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
14:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Конгресс аналитиков: новые исследования и проекты для будущего Евразии
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Келечектин каржысы. Кытай санарип акчаны кантип ишке ашырды?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
День пожилого человека: какого внимания хочется людям «серебряного возраста» в КР
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стимул
Китеп дүйнөсүнө жол көрсөткөн китепканачылар – Санарип доорунда китепкананын ролу кандай өзгөрүүдө?
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
20:06
48 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
23:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Манастын тилиндеги сөзгө Пушкиндин тилинде бүтүм чыгып... Момбеков сот өкүмү тууралуу

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Рыскелди Момбеков
Депутат Рыскелди Момбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат кыргызча сүйлөгөн сөзүнө орусча өкүм чыкканын айтып, соттор катуу сын үчүн андан өч алып жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековду Маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин мурдагы жетекчиси Бакыт Шаршембиевдин кадыр-баркына шек келтирген деп таап, аны 25 миң сом айыпка жыкты. Депутат соттун өкүмү тууралуу пикирин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Шаршембиевдин жактоочулары депутаттан кадыр-баркка шек келтиргени үчүн 1 миллион сом өндүрүү үчүн 2018-жылы октябрда сотко кайрылышкан.

Эл өкүлү райондук соттун өкүмү ал үчүн абдан өкүнүчтүү болгонун айтты. Себеби сот анын мамлекеттик тилде сүйлөгөн сөзүн филологиялык экспертизадан өткөрбөстөн, журналисттин орусча жазган текстинин негизинде гана өкүм чыккан деп эсептеди.

"Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүм Манастын тилинде, мамлекеттик тилде болгондуктан ошол сөзүмдүн стенограммасын сотко жөнөткөм. Ал расмий документ, филологиялык экспертиза жүргүзгүлө дегем. Эгер менин ошол сүйлөгөн сөзүмдө мазактаган сөздөрдү тапсаңар мен макулмун дегем. Булар, тескерисинче, менин кыргызча сүйлөгөн сөзүмдү эмес, маалымат агенттиктеринин бирине чыккан, журналисттин түшүнүп жазганын орус экспертине көрсөтүп, ал "Момбековдун сөзүндө ар-намыска шек келтирген белгилер бар" деген бүтүм чыгарыптыр. Сот ошонун негизинде соттоп жатат. Бул деген нонсенс. Мен Манастын тилинде сүйлөп жатсам, Пушкиндин тилинде корутунду чыгарып, мени айыптуу деп таап жатат", — деди Момбеков.

Эл өкүлү соттор андан айтылган катуу сын-пикир үчүн өч алып жатканын да кошумчалады.

Подготовка ТЭЦ Бишкека к зиме - Sputnik Кыргызстан
Сот уланууда. Бишкек ТЭЦи боюнча сурак берип бүткөндөрдүн тизмеси
"Бул нерсе сот системасынын биротоло көз каранды болгонунан кабар берет. Анткени Жогорку соттун төрайымы сотторду мазактады деп менин үстүмөн арыз жазып УКМКга даттанган. Анда да сот органдарына карата катуу айтып койдум эле. Ошол үчүн булар менден өч алып жатса керек деп ойлоп жатам. Болбосо бул мыйзамга эмес, логикага да туура келбейт", — деди депутат.

Момбеков соттун чечими колуна тийгенден кийин аны жакшылап карап чыгарын, андан кийин мындай өкүм чыгарган сотторду тартип комиссиясына даттана турганын белгиледи. Ал ошондой эле Конституциялык мыйзамда Жогорку Кеңештин депутаты өзүнүн сүйлөгөн сөзү үчүн куугунтукталбайт деп жазылып турганын эскертип, сот Конституцияны одоно бузуу менен өкүм чыгарганын айтты.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0