БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Каракол шаарында минивен токтоп турган Subaru Forester автокөлүгүн сүзүп, кырсыктан аял каза таап, сегиз жаштагы небереси ооруканага жеткирилди. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине укук коргоо органдарындагы маалымат булактар билдиришти.
![Каракол шаарында минивен токтоп турган Subaru Forester автокөлүгүн сүзүп, кырсыктан аял каза таап, сегиз жаштагы небереси ооруканага жеткирилди Каракол шаарында минивен токтоп турган Subaru Forester автокөлүгүн сүзүп, кырсыктан аял каза таап, сегиз жаштагы небереси ооруканага жеткирилди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104520/25/1045202557_0:82:750:554_600x0_80_0_0_643d73d5fb5d40e421f176835e100299.jpg)
![Жол кырсыгы Караколдогу Шабдан баатыр көчөсүндө 24-июлда саат 17:40та болду Жол кырсыгы Караколдогу Шабдан баатыр көчөсүндө 24-июлда саат 17:40та болду - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104520/25/1045202567_0:143:780:633_600x0_80_0_0_22507881eb26c6b8a9ff2b1519a4af39.jpg)
![Шаардын 46 жаштагы тургуну М.С. Honda Odyssey унаасы менен токтоп турган Subaru Forester унаасын сүзгөн Шаардын 46 жаштагы тургуну М.С. Honda Odyssey унаасы менен токтоп турган Subaru Forester унаасын сүзгөн - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104520/25/1045202552_0:157:750:629_600x0_80_0_0_101043f6fd9bcf0a8e311f89f91d14f1.jpg)
![Бетме-бет кагышуудан О.Т. ооруканага жеткирилип, бирок эсине келбей ооруканадан көз жумган Бетме-бет кагышуудан О.Т. ооруканага жеткирилип, бирок эсине келбей ооруканадан көз жумган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104520/25/1045202562_0:171:750:643_600x0_80_0_0_3720d7a9d52ac6efe73618caada802c8.jpg)
![Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104520/25/1045202542_0:201:750:673_600x0_80_0_0_d037c502b942cac40001818fa62b8a76.jpg)
"Жол кырсыгы Караколдогу Шабдан баатыр көчөсүндө 24-июлда саат 17:40та болду. Шаардын 46 жаштагы тургуну М.С. Honda Avancier унаасы менен токтоп турган Subaru Forester унаасын сүзгөн. Бетме-бет кагышуудан О.Т. ооруканага жеткирилип, бирок эсине келбей ооруканадан көз жумган", — деп айтып берди маалымат берген адам.
Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.
"Кырсык учурунда бала энесинин жанында болгон жана ал машинага отурганга жетишпей калган. Кагышуу учурунда автоунаа гана эмес, ал токтоп турган тосмо да сүрүлүп кеткен. Кырсыктан бала кошо жабыркаган, бирок милиция эмнегедир аны каттаган эмес. Баланын денесинин бир нече жери сыйрылып, тилинип кеткен оозунун үстү тигилди. Андан сырткары баш мээси чайкалган. Айдоочу күнөөсүн мойнуна алууда, бирок сот аны үй камагына чыгарды", — деди Чурвина.
Укук коргоо органдарындагы маалымат булак тастыктагандай, айдоочу энесин карай турган жалгыз адам болгондуктан үй камагына чыгарылган.