00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
14:50
8 мин
14:58
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
06:58
2 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Максимальный репост
Проект документа о регуляции работы «удаленщиков»: будет ли он работать на практике
16:05
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан улуттук инвестициялык фонд түзмөй болду. Эмне ши аткарат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Иногда не хватает нескольких баллов – почему престижно поступать на Медфак КРСУ?
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
Россиялык режиссер кыргыздын Король Лирин жаратты. Король Лир спектакли тууралуу маек
19:07
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
20:06
37 мин
Ачык кеп
Мал базарлар, мал соючу жайлардын абалы кандай?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Январдан бери күттүргөн №5 автобус каттамга чыкты! Окуянын чоо-жайы

Жазылуу
Каттамга 9 автобус чыкты. Алар Көлмө конушунан 12-кичирайонго чейин каттайт.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Бишкекте жаңы №5 автобус каттамга чыкканын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Автобус Көлмө конушунан чыгып, 12-кичирайонго чейин каттайт. Долбоорду "Шыдыр жол Кей Джи" жеке фирмасы ишке ашырды.

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкекте жаңы №5 автобус каттамга чыкты
Бишкекте жаңы №5 автобус каттамга чыкты - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бишкекте жаңы №5 автобус каттамга чыкты
© пресс-служба мэрии города БишкекАвтобус Көлмө конушунан чыгып, 12-кичирайонго чейин каттайт. Долбоорду "Шыдыр жол Кей Джи" жеке фирмасы ишке ашырды.
Автобус Көлмө конушунан чыгып, 12-кичирайонго чейин каттайт. Долбоорду Шыдыр жол Кей Джи жеке фирмасы ишке ашырды. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Автобус Көлмө конушунан чыгып, 12-кичирайонго чейин каттайт. Долбоорду "Шыдыр жол Кей Джи" жеке фирмасы ишке ашырды.
1/2
Бишкекте жаңы №5 автобус каттамга чыкты
2/2
Автобус Көлмө конушунан чыгып, 12-кичирайонго чейин каттайт. Долбоорду "Шыдыр жол Кей Джи" жеке фирмасы ишке ашырды.

Бирок автобусту каттамга чыгаруу бир нече жаңжал менен коштолду. Компания автобустарды 25-июлда каттамга чыгармак, бирок 26-апрелде мэриянын маалымат кызматы компания милдеттерин аткарбаганы үчүн келишимди жокко чыгарууга ниеттенип жатканын билдирген.

Компания автобустардын каттамга чыга турчу датасын үч жолу кийинкиге жылдырганы келишимди жокко чыгарууга негиз болгондугун мэриядан билдирүүдө. Маалыматка караганда, "Шыдыр жол Кей Джи" жүргүнчүлөрдү 25-январдан тарта ташыйбыз деп милдеттеме алган. Ага карабастан автобустарды каттамга чыгаруу күнү создуктурулуп келген. Акыркы жолу компания Кытайдагы майрамдардан улам, автобустарды алып келүү 15-майга жылдырылганын жүйө келтирген. Бирок иш жүзүндө автобустар июлдун ортосунда гана алынып келген.

Ташкент — Балыкчы поезди. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ташкент — Балыкчы каттамындагы алгачкы поезд жолго чыкты. Убактысы жана баасы
Андан сырткары, компания автобустардын каттамынын схемасын мэрия менен макулдашкан эмес. Өкмөттүн токтомуна ылайык, муниципалитет Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндөгү — Чүй – Ибраимов – Бөкөнбаев жана Жаш Гвардия проспектисиндеги транспорттун кыймылын жөнгө салышы керек.

25-июлда жогоруда айтылган кемчиликтерге карабастан 9 автобус ишке чыккан. Бирок муниципалитет менен ЖКККБ  автобустардын катташына уруксат берген эмес. Айрым ЖМКлардын жазганына караганда, 26-июлда Көлмө конушунун тургундары компания менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарбоону талап кылып митингге чыгышкан.

Жума күнү түн ортосуна чейин муниципалитет менен компаниянын өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында бир чечимге келишип, бирок автобустар бир шарт менен каттамга чыгат деп макулдашышкан. Бишкек мэриясы жеке компаниядан пенсионерлерге, майыптарга жана башка жардамга муктаж болгондорго каралган жеңилдикти сактоону талап кылган.

Андан сырткары, коомдук транспорттун иш графигин сактоону жана электрондук билет системасын киргизүү да компаниянын мойнуна жүктөлгөн. Ошондой эле компания шаардын инфраструктурасын колдонгону үчүн калаага  ар бир автобустан 1,5 миң сом төлөйт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0