БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. "Медиа-Форум" АК жана "Апрель ТВ" телеканалы камакка алынды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Мурдараак күч түзүмдөрү телеканалдын кызматкерлерин имараттан чыгарып, кирүүгө тыюу салганы кабарланган.
Маалыматта соттун чечими менен имарат камакка алынганы айтылат.
"Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары сурак берет", — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.
Эскерте кетсек, 7-8-август күндөрү күч түзүмдөрү Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүнөн алып кетүү үчүн атайын операция жүргүзгөн. Мурунку президенттин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Мунун кесепетинен спецназдын бир жоокери каза таап, 100гө чукул киши ар кандай жаракат алган.
Натыйжада Атамбаев жана анын жакын адамдары кармалды. Мындан сырткары, спецназ аскерлерин барымтага алган жана Бишкек шаарында массалык башаламандык уюштурууга шектелгендер кармалып, айрымдары күбө катары суракка чакырылууда.