БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бүгүн, 10-августта, кыргызстандык ажылар Сауд Аравиядагы Арафат өрөөнүнө келип, ажылыктын үч парзынын бири болгон Арафада туруу амалын аткарышты. Бул туурасында муфтият билдирди.
"Мекендештерибиз элибиз, жерибиз жана мамлекетибиз үчүн дуба кылып, Жараткандан жакшы тилектерин сурашууда. Ажыларыбыздын ден соолуктары жакшы. Арафатта мээлүүн жел жүрүп жатат. Жеринде кыргызстандык ажылар үчүн эки медициналык пункт иштөөдө", — деп айтылат маалыматта.
Муфтияттан кыргызстандыктар бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:00дө Муздалифа өрөөнүнө көчө турганын кошумчалашты.
![Бүгүн, 10-августта, кыргызстандык ажылар Сауд Аравиядагы Арафат өрөөнүнө келип, ажылыктын үч парзынын бири болгон Арафада туруу амалын аткарышты. Бүгүн, 10-августта, кыргызстандык ажылар Сауд Аравиядагы Арафат өрөөнүнө келип, ажылыктын үч парзынын бири болгон Арафада туруу амалын аткарышты. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104540/31/1045403197_10:0:843:524_600x0_80_0_0_91a8d35a0186184c58d117de116c9d40.jpg)
![Муфтияттан кыргызстандыктар бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:00дө Муздалифа өрөөнүнө көчө турганын кошумчалашты. Муфтияттан кыргызстандыктар бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:00дө Муздалифа өрөөнүнө көчө турганын кошумчалашты. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104540/32/1045403214_0:0:902:566_600x0_80_0_0_e23090b8774fed5b53493063250f44bb.jpg)
![Белгилей кетсек, кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 16-июлдан 17-июлга караган түнү Бишкек — Медина багыты боюнча учуп кеткен. Белгилей кетсек, кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 16-июлдан 17-июлга караган түнү Бишкек — Медина багыты боюнча учуп кеткен. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104540/32/1045403209_44:0:901:539_600x0_80_0_0_da992f1f107fcac8d9d8362d4b01e0c1.jpg)
![Жалпысынан Бишкек менен Оштон 18 каттам уюштурулган. Жалпысынан Бишкек менен Оштон 18 каттам уюштурулган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104540/32/1045403203_0:0:852:536_600x0_80_0_0_c0cbaaa536cf4a01f518c6676b913e26.jpg)
Белгилей кетсек, кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 16-июлдан 17-июлга караган түнү Бишкек — Медина багыты боюнча учуп кеткен. Жалпысынан Бишкек менен Оштон 18 каттам уюштурулган.
Сауд Аравия быйыл Кыргызстанга 6010 квота бөлгөн.