БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кадамжайда эл аралык баңги зат ташылган трансулуттук каналдын жолу буулду. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
![Кадамжайда эл аралык баңги зат ташылган трансулуттук каналдын жолу буулду Кадамжайда эл аралык баңги зат ташылган трансулуттук каналдын жолу буулду - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104541/60/1045416079_0:0:735:463_600x0_80_0_0_c95ff2fc099b90e15bf6c05a29e673e6.jpg)
![Укук коргоо органдарына Үч-Коргон айылында мөмө-жемиштерге жашырып баңги затын Россияга, андан ары Европага жөнөтмөкчү болгондор тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн Укук коргоо органдарына Үч-Коргон айылында мөмө-жемиштерге жашырып баңги затын Россияга, андан ары Европага жөнөтмөкчү болгондор тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104541/60/1045416089_0:1:735:463_600x0_80_0_0_3b395ea63adc3a21dce946e687a14072.jpg)
![Кара-Көл ШИИБдин жол коопсуздук кызматы менен Кадамжай РИИБдин кызматкерлери биргеликте иш алып барып, Volvo унааcы Кара-Көл шаарынан токтотулуп, Кадамжай РИИБдин тергөө кызматына алынып келген Кара-Көл ШИИБдин жол коопсуздук кызматы менен Кадамжай РИИБдин кызматкерлери биргеликте иш алып барып, Volvo унааcы Кара-Көл шаарынан токтотулуп, Кадамжай РИИБдин тергөө кызматына алынып келген - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104541/60/1045416084_0:22:735:484_600x0_80_0_0_36a6da3ff7f07a5bb12c82cee70e19b3.jpg)
![Жүктүн ээлери Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну экени аныкталып, ага издөө жарыяланды. Жүктүн ээлери Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну экени аныкталып, ага издөө жарыяланды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104541/60/1045416074_0:24:735:486_600x0_80_0_0_79b15b8974d405ce6c744d828c87c277.jpg)
Укук коргоо органдарына Үч-Коргон айылында мөмө-жемиштерге жашырып баңги затын Россияга, андан ары Европага жөнөтмөкчү болгондор тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.
Кара-Көл ШИИБдин жол коопсуздук кызматы менен Кадамжай РИИБдин кызматкерлери биргеликте иш алып барып, Volvo унааcы Кара-Көл шаарынан токтотулуп, Кадамжай РИИБдин тергөө кызматына алынып келген.
Унаанын айдоочусу 19 тонна шабдалы, кара өрүк, алмурут жүктөгөнүн жана аны Россияга алып барарын айткан.
"Милиция кызматкерлери автоунааны тинткен учурда мөмө-жемиштердин арасынан 93 даана брикет, алдын ала салмагы 44 килограмм 300 грамм болгон зат табылып алынган. Ага тиешелүү экспертизалар дайындалып, ал 999 түрүндөгү героин экендиги аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Жүктүн ээси Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну экени аныкталып, ага издөө жарыяланды.