00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Весна — испытание для аллергиков. Какие услуги доступны в ЦСМ и что покрывает страховой полис?
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл өлкөдө айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт — каттоо качан башталат жана кандай жүрөт?
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Бесплатное обучение и цифровизация: как меняется школа КРСУ?
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө балдарды мектепке онлайн-каттоо жүрүүдө. Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
"Турмуш курсаң кетип калат". Безетки бойдоктордун эле көйгөйүбү?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Россия, Беларусия жана Түркияда ийгилик жараткан "Кыя" тасмасынын сыры эмне?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Карылыкты кантип жайлатуу керек же герантология илиминин негизи
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Айтматова: апамды эл душманынын аялы деп жумушка албай коюшкан

© Sputnik / Максат ЭлебесовТөрөкул Айтматовдун кызы, профессор Роза Айтматова. Архив
Төрөкул Айтматовдун кызы, профессор Роза Айтматова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрөкул Айтматовдун кызы, профессор Роза Айтматова атасы репрессиялангандан кийин апасы Нагима Айтматова төрт баласы менен көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөргөнүн айтты.
Айтматова: апамды эл душманынын аялы деп жумушка албай коюшкан

Апам үч тилде сүйлөп, өз учурунда сабаттуу аялдардын катарына кирген. Бирок аны эл душманынын аялы деп жумушка албай, расмий бийлик ага бир топ бут тосууларды жасаган. Бул тууралуу Роза Айтматова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, апасы астма илдетине чалдыгып, кара жумушта иштей алган эмес.

"Атам репрессиялангандан кийин биздин үй-бүлөгө "эл душманынын аялы жана балдары" деген жалаа жабылды. Анын айынан апам төрт баласы менен жумушсуз калып, бир топ запкы тартты. Иш сурап кайда барбасын алышпайт. Кара жумушка түртүшүп, тамеки талааларында иштетүүгө аракет кылышкан. Апамдын астмасы бар болгондуктан, ал кара жумушка жарабайт эле. Апам бир жолу атамдын кол астында иштеген мамлекеттик кызматкерге барып жумуш сураптыр. Ал киши "силер эл душманынын үй-бүлөсү болосуңар, балдарыңды бага албасаң таратып жибер же ачкадан өлтүр" деп катуу айтыптыр. Ошол окуяны апам өмүрү өткөнчө эстен чыгарбай айтып, нааразы болуп жүрдү. Бирок, бактыга жараша, жакшы адамдар да кезигип, апама жумуш берип, ар тараптан колдоо көрсөтүшүптүр. Алардын бири Зудерман деген немец улутундагы киши болсо, экинчиси, агамдын "Саманчынын жолу" аттуу чыгармасындагы Толгонай апанын уулу Субанбек деген киши болгон", — деди Айтматова.

Ал ошондой эле Нагима Айтматова өз мезгилиндеги билимдүү аялдардын катарына кирип, гимназияны аяктап, стенографист болуп иштегенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0