00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
6 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Курсан Асанов суракта. Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоду

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЗаместитель МВД КР Курсан Асанов
Заместитель МВД КР Курсан Асанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Генерал-майор кечээ кызматынан алынган.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановго карата Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, генерал-майор учурда сурак берип жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Заместитель МВД КР Курсан Асанов - Sputnik Кыргызстан
Курсан Асанов алды делген пакет. Адвокат баштыктын ичинде эмне бар экенин айтты
Маалыматка ылайык, иш Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча козголгон.

Белгилей кетсек, Асанов кечээ кызматынан алынган. Ага "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишенимден кетти" деген кине коюлган. Кийинчерээк Асанов кайсы аракеттери үчүн иштен кетирилгенин тактап, маалымат тараткан.

Эске салсак, 7-августта мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы башталып, ал максатына жеткен эмес. "Альфанын" жоокерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 136 киши жаракат алган. Эртеси, 8-август күнү, ошол кездеги ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Атамбаев багынып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0