БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплекстин абалы менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Жээнбеков туура башкаруу жана каражат тартуу менен "Манас айылы" Бишкек шаарынын маданий дөөлөтү боло аларына ишенерин айтты.
![Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы Манас айылы маданий-этнографиялык комплекстин абалы менен таанышты Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы Манас айылы маданий-этнографиялык комплекстин абалы менен таанышты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104546/07/1045460711_79:0:2331:1501_600x0_80_0_0_5ef5e527f6cf25502e1150a2c16de1a8.jpg)
![Жээнбеков туура башкаруу жана каражат тартуу менен Манас айылы Бишкек шаарынын маданий дөөлөтү боло аларына ишенерин айтты. Жээнбеков туура башкаруу жана каражат тартуу менен Манас айылы Бишкек шаарынын маданий дөөлөтү боло аларына ишенерин айтты. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104546/07/1045460716_0:0:2401:1510_600x0_80_0_0_90913667f940ecb170ef1baa45467a7f.jpg)
![Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Манас айылын жаңы форматта калыбына келтирүү боюнча кызматташууга жергиликтүү инвесторлор кызыгып жатканын билдирди. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Манас айылын жаңы форматта калыбына келтирүү боюнча кызматташууга жергиликтүү инвесторлор кызыгып жатканын билдирди. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104546/07/1045460728_0:1126:1653:2166_600x0_80_0_0_3451823f890910b319c8db35bf847934.jpg)
![Ал Манас айылы министрликтин балансына өтсө, реконструкциянын варианттары каралып чыгарын белгиледи. Ал Манас айылы министрликтин балансына өтсө, реконструкциянын варианттары каралып чыгарын белгиледи. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104546/07/1045460733_558:0:2400:1158_600x0_80_0_0_fe2155f184726378d64cdc45546dd608.jpg)
![Президент бул жайды министрликтин балансына өткөрүү идеясын колдоду. Президент бул жайды министрликтин балансына өткөрүү идеясын колдоду. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104546/07/1045460738_0:0:2401:1510_600x0_80_0_0_14c1c9d66566f9800d248442d2edd40b.jpg)
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов "Манас айылын" жаңы форматта калыбына келтирүү боюнча кызматташууга жергиликтүү инвесторлор кызыгып жатканын билдирди. Ал "Манас айылы" министрликтин балансына өтсө, реконструкциянын варианттары каралып чыгарын белгиледи.
Президент бул жайды министрликтин балансына өткөрүү идеясын колдоду.
"Комплексти реконструкция кылуу учурунда президент мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдерин активдүү колдонууга чакырды, ошондой эле аны реконструкция кылуу жана этношаарча куруу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады", — деп айтылат маалыматта.
1998-жылы "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплекси Бишкек шаарынын мэриясынын балансынан "Бишкек" Эркин экономикалык аймактын башкы дирекциясынын карамагына өткөрүлүп берилген. Комплексти куруу иштери 1995-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоого карата башталган.