БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Ооруканага түшкөн Сапар Исаковду көрүү үчүн Улуттук госпиталдын №2 неврология бөлүмүнө анын жубайы Малика Арстанбекова келди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.
![Ооруканага Сапар Исаковду көргөнү жубайы келди. Сүрөт Ооруканага Сапар Исаковду көргөнү жубайы келди. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104546/32/1045463219_0:0:1280:720_600x0_80_0_0_915ee0e59ebbeae6968857ae1880cbc9.jpg)
Анын айтымында, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү Малика Арстанбекованы жолдошу жаткан палатага киргизбей жатат.
"Адвокат Замир Жоошевдин айтымында, Исаковду УКМКнын тергөө абагынын кызматкерлери кайтарып турат", — деди кабарчы.
Исаков 2018-жылы 5-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө амалдары аяктаганга чейин камакка алынган. Ал "Коррупция" беренеси боюнча айыпталууда. Исаков 2013-жылы президенттин аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде "Бишкек ТЭЦин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланганы айтылууда.