БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Instagram тармагында ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевди колдогон баракча пайда болду.
Аккаунт качан ачылганы белгисиз, бирок биринчи пост ушул жылдын 16-августунда болжол менен саат 21:00дө жүктөлгөн. Жалпысынан алты гана сүрөт жүктөлгөнүнө карабастан катталуучулардын саны 77 миңге жакындайт.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Сүрөттөрдүн астына көптөгөн адамдар баракчага кантип жазылып калгандыгына түшүнбөй жаткандыгын жазышууда. Айрымдар бул аккаунт мурда кийим сатканын айтып жатышат. Баракчадан чыгып кеткендер да бар.
![Кашкар Жунушалиевди колдогон Instagram баракча ачылды. Эл таң калууда Кашкар Жунушалиевди колдогон Instagram баракча ачылды. Эл таң калууда - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104546/49/1045464945_0:0:720:994_600x0_80_0_0_b3c002291eded8165feaae77815a046c.jpg)
Ошондой эле кээ бир катталуучулар Жунушалиевди сындаса, айрымдары кызматтан кеткен мурдагы ИИМ орун басары Курсан Асановду колдогон.
![Кашкар Жунушалиевди колдогон Instagram баракча ачылды. Эл таң калууда Кашкар Жунушалиевди колдогон Instagram баракча ачылды. Эл таң калууда - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104546/49/1045464940_0:0:720:992_600x0_80_0_0_e65c2ed5e42b582d796c1c1dbe782ba6.jpg)
Азырынча ким жана кандай максатта аккаунтту ачканы белгисиз. ИИМ бул боюнча үн ката элек.
ИИМ тегерегиндеги чуу
Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси — "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки тергөө иштери башталган.
15-августта Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү Асановдун үйүн тинтип, 2000 доллардан ашыгыраак акча жана белекке берилген сааттарды алып чыгып кеткени белгилүү болгон.
Асановдун адвокаты тергөө ачык-айкын болушу үчүн президентке, премьер-министрге кайрылып, иликтөө бүткөнгө чейин ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди ээлеген кызматтан четтетип турууну суранган.