БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү Чоң-Ак-Суу капчыгайында токойлор кыйылып жатат деген маалымат туура эмес. Бул туурасында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
![Ысык-Көлдөгү Чоң-Ак-Суу капчыгайында токойлор кыйылып жатат деген маалымат туура эмес Ысык-Көлдөгү Чоң-Ак-Суу капчыгайында токойлор кыйылып жатат деген маалымат туура эмес - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104548/64/1045486420_0:116:1040:770_600x0_80_0_0_259f85b5ed7df9547529a4910aa01ab1.jpg)
![Бул туурасында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан кабарлашты Бул туурасында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан кабарлашты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104548/64/1045486415_0:279:781:769_600x0_80_0_0_65ed001a94c7c908ffc4999ddb5b7415.jpg)
![Билдирмеге караганда, аталган агенттиктин Ысык-Көлдөгү аймактык башкармалыгы токойго барып, мыйзамсыз кыйылып жаткан бактарды тапкан эмес Билдирмеге караганда, аталган агенттиктин Ысык-Көлдөгү аймактык башкармалыгы токойго барып, мыйзамсыз кыйылып жаткан бактарды тапкан эмес - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104548/64/1045486404_0:241:780:731_600x0_80_0_0_b9575f2eed05ef2d6af58b0dc944be16.jpg)
![Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын 25-февралында Токой экосистемин өнүктүрүү департаменти токойду кыйрап калган бактардан тазалоо боюнча чечим чыгарган Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын 25-февралында Токой экосистемин өнүктүрүү департаменти токойду кыйрап калган бактардан тазалоо боюнча чечим чыгарган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104548/63/1045486392_0:40:1040:694_600x0_80_0_0_f35e85d98325e9a8459827b47a5ab7d5.jpg)
![Бирок тазалоо иштери туристтик сезон аяктаганча токтотулган. Бирок тазалоо иштери туристтик сезон аяктаганча токтотулган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104548/64/1045486409_0:126:1040:780_600x0_80_0_0_15198237d10e808bb6b826169f1b44df.jpg)
Билдирмеге караганда, аталган агенттиктин Ысык-Көлдөгү аймактык башкармалыгы токойго барып, мыйзамсыз кыйылып жаткан бактарды тапкан эмес.
"2019-жылдын май айында жарандык активисттер токойлор кыйылып жатканы боюнча маалымат таратып, сүрөттөрүн жарыялашкан. Буга байланыштуу атайын комиссия түзүлгөн. Бирок токойлор кыйылган факты аныкталган жок. Болгону Чоң-Ак-Суу капчыгайында былтыр декабрь айында катуу шамал болуп 215 даана Тянь-Шань карагайы кулап калганы белгилүү болду. Активисттер так ошол сүрөттөрдү жарыялашыптыр", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын 25-февралында Токой экосистемин өнүктүрүү департаменти токойду кыйрап калган бактардан тазалоо боюнча чечим чыгарган. Бирок тазалоо иштери туристтик сезон аяктаганча токтотулган.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги жарандарды жана активисттерди такталган маалыматтарды гана таратууга чакырат.