00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
18:51
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
08:58
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Чакан жана орто бизнеске пайызсыз насыя берүү программасы натыйжа бердиби?
13:08
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда таштанды чогултууга канча жана эмне үчүн акы төлөө сунушталууда?
13:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
11 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
14:13
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Конгресс аналитиков: новые исследования и проекты для будущего Евразии
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Келечектин каржысы. Кытай санарип акчаны кантип ишке ашырды?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
День пожилого человека: какого внимания хочется людям «серебряного возраста» в КР
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стимул
Китеп дүйнөсүнө жол көрсөткөн китепканачылар – Санарип доорунда китепкананын ролу кандай өзгөрүүдө?
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
20:06
48 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
23:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

КРде ракка кабылган балдарга алгач ирет тамчылатма морфин алынып келет

Жазылуу
Анткен менен фармацевттик компаниялар препаратты үзгүлтүксүз алып келүүгө коммерциялык жактан канчалык кызыкдар деген маселе бар.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин Кыргызстанга онкологиялык оорулар менен жабыркаган балдар үчүн тамчылатма морфиндин биринчи партиясын алып келүү пландалууда. Бул туурасында "Жардам берүү оңой" коомдук фондунун аткаруучу директору Динара Аляева билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Кыргызстанда тамчылатма морфинди колдонууга уруксат берилди. Ракка байланыштуу көйгөйлөр" аттуу маалымат жыйынга катышты.

Аляеванын айтымында, фонд муну ишке ашыруу үчүн үч жыл аракет көргөн.

"Тамчылатма морфин онкологиялык оору менен жабыркагандарга зарыл каражат, бөтөнчө илдети өнөкөт болуп калгандарга абдан керек. Бул тармакта иштеп жүрүп, балдардын оорусун басаңдатуу кыйын экендигин көрдүк. Мындан улам каттоо ишин өзүбүзгө алалы дедик. Тамчылатма морфин алгач ирет Саламаттыкты сактоо министрлигинин дары-дармек менен камсыздоо департаментинин реестрине каттоого алынды. Препараттын биринчи тобу өлкөгө 2019-жылдын аягына чейин келишин күтүп жатабыз", — деген Аляева.

Аляева ошондой эле фармацевттик компаниялар дарыны үзгүлтүксүз ташып келүүгө коммерциялык жактан канчалык деңгээлде кызыкдар деген маселе бар экендигин белгиледи.

Центр сердечно-сосудистой хирургии в Хабаровске - Sputnik Кыргызстан
Рак менен ооругандардын дары-дармегин оңой сатып алуу жолу каралууда
"Тамчылатма морфинди каттоо учурунда бир катар фармацевттик компанияларды алмаштырдык. Алар кирешеси аз экендигин айтып иштешүүдөн баш тартышты. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кыйынчылыктарга карабастан фармкомпанияларды кол сунууга чакырат элем", — деп белгилеген Аляева.

Ал ошондой эле препаратты алып келүүнүн башка жолдору бар экенин, аны ишке ашыруу үчүн мыйзам жол бериши керектигин белгилеген.

"Бул тармакта иш алып барган бир катар уюмдар бар. Алсак, Балдар хосписи, паллиативдик жардам берүү бирикмеси жана башкалар бар. Эгер аларга расмий түрдө тамчылатма морфинди алып келүүгө уруксат беришсе, көйгөй чечилмек", — деди ал.

Аляева аталган дарыны каттоодон өткөрүү "Без боли" долбоорунун алкагында ишке ашканын кошумчалады.

"Долбоор онкологиялык дарт менен жабыркаган балдардын оорусун жооткотууга көмөк көрсөтөт. 2014-жылдан бери бейтаптар ооруну сездирбей турчу кремдерди колдонот. Мындан тышкары, кандан анализ алууда оорутпай турчу ийнелерди алдык. Эми балдар коркпой эле процедурадан өтсө болот. Ошондой эле Онкология борборунун балдар бөлүмүнө баш сөөктөн пункция алуу үчүн наркоздук аппараттар келди", — деди Аляева.

"Жардам берүү оңой" коомдук фонду беш жылдан бери онкологиялык ооруларга чалдыккан балдарга жардам берип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0