БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Биринчи Май райондук сотуна келди. Бул туурасында кабарчы жеринен билдирди.
![Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Биринчи Май райондук сотуна келди Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Биринчи Май райондук сотуна келди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104550/76/1045507656_81:0:1227:720_600x0_80_0_0_d0be5cf907ca87753e981305d0cab5e6.jpg)
Эске сала кетсек, бүгүн, 22-августта, депутат Кылмыш-жаза кодексинин 244-беренеси ("Кишилерди барымтага алууга катышуу") боюнча шектелип жатканы белгилүү болгон.
Сотто эл өкүлүнүн баш коргоо чарасы тандалат.
Кой-Таш окуясы
Эскерте кетсек, 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча Кой-Ташта атайын операция жүргөн. Мурунку президенттин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 130дан ашуун киши ар кандай жаракат алган.
16-август күнү Атамбаевдин жактоочулары тарабынан берилген доо арыздын негизинде көчмө жыйын өтүп, Бишкек шаардык соту аны камакта калтыруунун мөөнөтүн ошол боюнча калтырган.
20-августта анын камактагы мөөнөтү бир айга узарган.