БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Президенттикке талапкерлигин койгон экс-депутат Өмүрбек Бабанов УКМКга сурак берүү үчүн кирип кетти. Бул туурасында кабарчы жеринен билдирди.
![Президенттикке талапкерлигин койгон экс-депутат Өмүрбек Бабанов УКМКга сурак берүү үчүн кирип кетти Президенттикке талапкерлигин койгон экс-депутат Өмүрбек Бабанов УКМКга сурак берүү үчүн кирип кетти - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104551/44/1045514465_0:0:3258:2048_600x0_80_0_0_d335e57bf96a359bb9c9dab55afe2c29.jpg)
Белгилей кетсек, Бабанов 19-августта "Кыргызстан" банкынын иши боюнча Финполго сурак берген. Ал эми эртеси президенттик шайлоонун алдында Он-Адырда сүйлөгөн сөзү боюнча УКМКга кирген. Мурдагы депутат сурак агрессиясыз, тынч өткөнүн билдирип, жума этегине чейин кайрадан Финполго жана УКМКга суракка чакырылганын маалымдаган болчу.
Бирок экс-депутат ушул жылдын апрель айында Бишкекке кайтып келүү ниетин билдирип, кайра ал чечиминен баш тарткан.
Арадан төрт ай өткөн соң, 9-августта Бишкекке келип, тарапташтары менен жолугушкан. Ошол эле учурда УКМК Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскерткен болчу.