БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Согди облусунун Бободжан Гафуров районундагы "Боги миллии Вахдата" бакчасына барып, жубайы Азизмо Асадуллаева жана неберелери менен мөмө-жемиш чогултту. Бул туурасында Sputnik Тажикстан мамлекет башчынын маалымат кызматына таянуу менен жазды.
![Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Согди облусунун Бободжан Гафуров районундагы Боги миллии Вахдата бакчасына барып, жубайы Азизмо Асадуллаева жана неберелери менен мөмө-жемиш чогултту Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Согди облусунун Бободжан Гафуров районундагы Боги миллии Вахдата бакчасына барып, жубайы Азизмо Асадуллаева жана неберелери менен мөмө-жемиш чогултту - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104551/97/1045519798_0:14:1000:642_600x0_80_0_0_614490d760fb26a16aa74a360296290d.jpg)
![Рахмон жана анын үй-бүлөсү улуттук бакчанын быйылкы түшүмүн көрүп, мөмө-жемиштердин көргөзмөсүнө күбө болгон Рахмон жана анын үй-бүлөсү улуттук бакчанын быйылкы түшүмүн көрүп, мөмө-жемиштердин көргөзмөсүнө күбө болгон - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104551/97/1045519793_0:0:1000:628_600x0_80_0_0_eae73cde41f972f965c56c377773e658.jpg)
![Анда алма, шабдалы, алмурут, анжир, кара өрүк, пияз, калемпир, помидор, бадыраң, ашкабак, дарбыз жана коон сыяктуу мөмө-жемиштердин алдыңкы сорттору коюлган Анда алма, шабдалы, алмурут, анжир, кара өрүк, пияз, калемпир, помидор, бадыраң, ашкабак, дарбыз жана коон сыяктуу мөмө-жемиштердин алдыңкы сорттору коюлган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104551/97/1045519787_0:38:1000:666_600x0_80_0_0_517b894fddd3c0144e85cbbaf40faa1e.jpg)
![Андан соң Рахмон менен канайым үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу алма жана кара өрүк теришкен Андан соң Рахмон менен канайым үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу алма жана кара өрүк теришкен - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104551/97/1045519782_0:0:999:629_600x0_80_0_0_dd91db327e9fdddcd44bd96c4d051219.jpg)
![Аталган бакчанын аянты 631 гектарды түзөт. Анын 364 гектарына өрүк, 48 гектарына шабдалы, 35 гектарына алма, 5 гектарына алча тигилген. Аталган бакчанын аянты 631 гектарды түзөт. Анын 364 гектарына өрүк, 48 гектарына шабдалы, 35 гектарына алма, 5 гектарына алча тигилген. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104551/97/1045519771_0:19:999:647_600x0_80_0_0_e2c0db914f82678b8de6936a30f75528.jpg)
Рахмон жана анын үй-бүлөсү улуттук бакчанын быйылкы түшүмүн көрүп, мөмө-жемиштердин көргөзмөсүнө күбө болгон. Анда алма, шабдалы, алмурут, анжир, кара өрүк, пияз, калемпир, помидор, бадыраң, ашкабак, дарбыз жана коон сыяктуу мөмө-жемиштердин алдыңкы сорттору коюлган.
Андан соң Рахмон менен канайым үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу алма жана кара өрүк теришкен.
Тажикстандын мамлекет башчысы андан ары бакчада жайгашкан балык багуучу үч көлмө менен таанышкан. Ошондой эле ал улуттук бакчадагы кара өрүктү жыйноого старт берген.
Бакчанын ичинде мөмө-жемиштерди сактай турчу 300 тоннага ылайык муздаткыч имарат бар. Ал мөмөлөрдү жакшы сапатта сактап, сатууга шарт түзөт.