БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Чолпон-Атада нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрдү. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин жергиликтүү кабарчысына район акими Данир Иманалиев билдирди.
![Ысык-Көл облусунун Бостери айылында нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрдү Ысык-Көл облусунун Бостери айылында нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрдү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104552/00/1045520030_95:0:1025:585_600x0_80_0_0_8ffcc524ca76c877862ed222048ba586.jpg)
![Маалыматка ылайык, кырсык таңкы саат 4.00дө болгон Маалыматка ылайык, кырсык таңкы саат 4.00дө болгон - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104552/00/1045520015_0:-1:931:585_600x0_80_0_0_fdaef2a7026943e2b117e57ca584b1b3.jpg)
![Бостери айыл өкмөтүнө караштуу Тогуз-Булак аймагында суу ташкындап, 20 үйдүн коросун каптап кеткен Бостери айыл өкмөтүнө караштуу Тогуз-Булак аймагында суу ташкындап, 20 үйдүн коросун каптап кеткен - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104552/00/1045520020_0:91:1040:745_600x0_80_0_0_be0d502d99ed7eebec2ad10d768fc0fa.jpg)
![Жаратылыш кырсыгы тууралуу маалматты ӨКМден дагы тастыкташты Жаратылыш кырсыгы тууралуу маалматты ӨКМден дагы тастыкташты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104552/00/1045520025_77:0:1007:585_600x0_80_0_0_d432b6d8d5c224e6bebb0b494c396b90.jpg)
![Билдирмеге караганда, арыктан ташкындаган суу Чолпон-Ата шаарынын Совет, Колесников көчөлөрүндөгү 15 турак үйдүн, 5 дүкөндүн, 6 кафенин жана 2 банктын короолорун каптаган Билдирмеге караганда, арыктан ташкындаган суу Чолпон-Ата шаарынын Совет, Колесников көчөлөрүндөгү 15 турак үйдүн, 5 дүкөндүн, 6 кафенин жана 2 банктын короолорун каптаган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104552/00/1045520040_97:0:1027:585_600x0_80_0_0_58458f3b1be270fbc8c1e8c15a80a51f.jpg)
![Жеринде атайын Жол тейлөө кызматынын атайын техникалары, 10 кызматери жана ӨКМдин 28 куткаруучусу иштеп жатат. Жеринде атайын Жол тейлөө кызматынын атайын техникалары, 10 кызматери жана ӨКМдин 28 куткаруучусу иштеп жатат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104552/00/1045520045_12:0:942:585_600x0_80_0_0_f822f0f8980d9b021306410b85cebce5.jpg)
Маалыматка ылайык, кырсык таңкы саат 4.00дө болгон. Чолпон-Атанын Тогуз-Булак аймагында суу ташкындап, 20 үйдүн короосун каптап кеткен.
"Учурда техникалар тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө. Мындан сырткары, кырсык катталган жерде атайын штаб түзүлүп, 100дөн ашуун адам иштеп жатат. Жаракат алгандар жок", — деди Иманалиев.
Жаратылыш кырсыгы тууралуу маалыматты ӨКМден дагы тастыкташты. Билдирмеге караганда, арыктан ташкындаган суу Чолпон-Ата шаарынын Совет, Колесников көчөлөрүндөгү 15 турак үйдүн, 5 дүкөндүн, 6 кафенин жана 2 банктын короолорун каптаган. Жеринде Жол тейлөө кызматынын атайын техникалары, 10 кызматкери жана ӨКМдин 28 куткаруучусу иштеп жатат.