БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков "Аль Бавани Ко ЛТД" компаниясынын аткаруучу директору Фахер Аль Шавафты кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, жолугушууда экономиканын түрдүү секторлорунда инвестициялык кызматташтыктын келечеги талкууланган.
![50 жылдык тарыхы бар араб компаниясы Кыргызстанга инвестиция салууга даяр 50 жылдык тарыхы бар араб компаниясы Кыргызстанга инвестиция салууга даяр - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104555/40/1045554032_0:0:2400:1411_600x0_80_0_0_3739a2f0325fe5f6c18250208a536f47.jpg)
Жээнбеков Кыргызстан чет элдик инвесторлор үчүн ар дайым ачык жана өлкөнүн социалдык-экономикалык долбоорлорун ишке ашырууда чет элдик өнөктөштөрдүн инвестицияларын кабыл алууга даяр экенин айтты.
Фахер Аль Шаваф "Аль Бавани Ко ЛТД" компаниясы Сооронбай Жээнбековдун Сауд Аравиясына расмий визити астында реалдуу долбоорлорду көрсөтүүгө даяр экендигин кошумчалады.
Сооронбай Жээнбеков потенциалдуу инвесторлор менен кызматташууну арттыруу үчүн тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан зарыл болгон иш-аракеттер жүргүзүлөрүн ырастады.