БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Күзүндө ден соолукту чыңдоо үчүн кайсы жемишти жана жашылчаны көбүрөөк жеш керектигин Sputnik Тажикстан диетологдорго таянып жазды.
Адистин айтымында, ашкабак организмге абдан пайдалуу азык. Анын курамындагы бета-каротин көздүн көрүүсүн, терини жакшыртып, денедеги былжыр челдерди калыбына келтирет.
Кара өрүк дагы организмге аба менен суудай керек. Андагы антиоксиданттардын көптүгү картаюу процессин кечеңдетет. Мындан тышкары, кара өрүктө клетчатка, пектин жана С витамини бар.
Алмурут тамак сиңирүүгө жардам берет. Курамында калий, магний жана пектин бар. Адам тамакка ууланганда же холестериндин калдыктарын чыгарам дегенде алмурут жардамга келери белгиленген. Аны жада калса десерт катары же ботконун ордуна жесе болору айтылат.