БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Спорттун түрлөрү жана дисциплинасы улуттук реестрине спорттун жаңы беш түрү катталды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Ага ылайык төмөнкү спорт оюндары каттоого алынды:
- Бадминтон – "С" тайпасы;
- Дистанциялык ат чабыш;
- Грепплинг – "С" тайпасы;
- Спорттук ориентация – "С" тайпасы;
- Пенчак силат – "С" тайпасы.