БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. "Электрондук каттоо" программасы аркылуу балдарын биринчи класска жаздырбай калган эки миңден ашуун ата-эне атайын комиссияга арыздарын жөнөтүшкөн. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын алдыңкы адиси Айнур Кусеинова билдирди.
Бүгүн, 10-сентябрда, Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда "Мектепке электрондук кезекке туруу: баланын жеке маалыматтарын кантип коргоо керек" аттуу маалымат жыйын өттү.
Адистин айтымында, ата-энелер кечиккенине карабай балдар 1-класска убагында барды.
"Ар бир баланын билим алууга болгон укугу бар. Райондук билим берүү борборлорунда атайын комиссия иштеп жатат. 16-августтан бүгүнкү күнгө чейин ар кайсы себептерден улам балдарын электрондук кезек аркылуу каттата албай калган эки миңден ашуун ата-энеден арыз келип түштү", — деди адис.
"Ар бир райондук билим берүү борборлорундагы комиссия мүчөлөрү талаштуу маселелерди карады. Иш учурунда 70тей ата-эне балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгондуктан мектепке киргизе албай жүргөнү белгилүү болду", — деди Кусеинова.
Ал ошондой эле сөз болуп жаткан балдар убагында мектепке киргизилгенин белгиледи.