БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Кечээ, 10-сентябрда, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандагы чет мамлекеттердин ардактуу консулдары менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Жыйында консулдар менен экономикалык, маданий-гуманитардык жана социалдык чөйрөлөрдөгү кызматташтык маселелери талкууланды.
© Фото / пресс-служба МИД КРТышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандагы чет мамлекеттердин ардактуу консулдары менен кеңешме өткөрдү
![Министр Чыңгыз Айдарбеков ардактуу консулдар менен жолукту Министр Чыңгыз Айдарбеков ардактуу консулдар менен жолукту - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104566/95/1045669555_0:0:1600:934_600x0_80_0_0_02cd1747137a411e2cf1fca91b6f23dc.jpg)
Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстандагы чет мамлекеттердин ардактуу консулдары менен кеңешме өткөрдү
© Фото / пресс-служба МИД КР
"Ардактуу консулдар институту чет өлкөлөр менен натыйжалуу иштешүү үчүн маанилүү", — деди министр.
Кеңешменин жүрүшүндө бир катар ардактуу консулдарга өзгөчө активдүүлүгү жана эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык каттары тапшырылды.
Виджет news