БИШКЕК, 11-сен. – Sputnik. Азыркы замандагы адамдардын маалыматты кабыл алуусу боюнча россиялык медиаменеджер жана продюсер Наталья Лосева айтып берди.
Ал Кыргызстандагы ЖМКлардын өкүлдөрүнө эл аралык SputnikPro программасынын алкагында мастер-класс өттү.
Адистин айтымында, заманбап аудитория маалымат алууга убакыт короткусу келбейт.
"Болжол менен 1995-жылдан бери маалымат чыгарган машина өсүү жолунда келе жатат. Тарыхта азыркыдай ашыкча көлөмдөгү жаңылыктар болгон эмес. Биздин аң сезим бүгүнкү күндөгү маалыматтардын бардыгын ала албайт, күчү жетпейт", — деди Лосева.
Мастер-класстын алкагында адис аудиториянын көңүлүн бура турган жаңы форматтар — подкаст жана VR/AR жөнүндө дагы айтып берди.
Лосева билдиргендей, дүйнө жүзү боюнча маалыматты тексттик түрдө эмес, аудио аркылуу алуу тенденциясы өсүп жатканы байкалууда.
Наталья Лосева — россиялык журналист, продюсер жана медиаменеджер, "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы редакторунун орун басары, МГУнун журналистика кафедрасынын улук окутуучусу.