БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Avia Traffic авиакомпаниясынын Санкт-Петербург — Бишкек каттамы 15 саатка кечигүү менен учат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга жүргүнчүлөр кабарлады.
![Avia Traffic авиакомпаниясынын Санкт-Петербург — Бишкек каттамы 15 саатка кечигүү менен учат Avia Traffic авиакомпаниясынын Санкт-Петербург — Бишкек каттамы 15 саатка кечигүү менен учат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104570/13/1045701310_0:176:2730:1892_600x0_80_0_0_badb51da6df8750f624fd44da8204180.jpg)
![Самолёт Кыргызстандын борбор калаасына Петербургдун убактысы боюнча саат 11.00дө Пулково аба майданынан учмак. Бирок ал кармалып, мунун себебин жүргүнчүлөргө аэропорттогу каттамдардын көптүгүнө байланыштуу деп түшүндүрүшкөн. Самолёт Кыргызстандын борбор калаасына Петербургдун убактысы боюнча саат 11.00дө Пулково аба майданынан учмак. Бирок ал кармалып, мунун себебин жүргүнчүлөргө аэропорттогу каттамдардын көптүгүнө байланыштуу деп түшүндүрүшкөн. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104570/13/1045701321_0:86:2730:1802_600x0_80_0_0_2dd9b4ba96af6963c504bac944939baa.jpg)
Алардын билдиришинче, самолёт Кыргызстандын борбор калаасына Петербургдун убактысы боюнча саат 11.00дө "Пулково" аба майданынан учмак. Бирок ал кармалып, мунун себебин жүргүнчүлөргө аэропорттогу каттамдардын көптүгүнө байланыштуу деп түшүндүрүшкөн.
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы мунун себебин сурап Avia Traffic компаниясынын директору Алик Аскаровго чалганда, каттам эмнеге кармалып жатканын билбей турганын жана аны тактоого мүмкүнчүлүгү жоктугун айтты.
"Үч сааттай ары-бери сүйрөлүп жүргөндөн кийин авиакомпаниянын өкүлү учак түнкү саат 02.00гө чейин кармаларын кабарлады", — деди күтүп отурган жүргүнчүлөрдүн бири.
Ал эми авиакомпаниянын Санкт-Петербургдагы өкүлчүлүгүнүн маалымат борбору учак техникалык себептерден улам саат 02.30да абага көтөрүлөрүн ырастады.
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.