Биздин жалгыз цирктин астына суу толуп калган. Залда өнөр көрсөтүп жатып, чириген жыгачтар кулап, кырсык болуп кетеби деп коркосуң. Бул тууралуу Асланайым Аширова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Стимул" программасында маек куруп жатып билдирди.
"Чет мамлекетте өнөрпоздорго мамиле жогорку деңгээлде. Артист үчүн түзүлгөн шарттары келишимде толугу менен жазылат. Алсак, маянасынан баштап жол жүрүүсү, жада калса жууна турган душуна чейин көрсөтүлөт. Маданият өкүлдөрүн сыйлап, урматташат. Алар чет өлкөдөн келген өнөрпоздорго жакшы шарт түзүп берип, бул аркылуу өлкөбүздүн маданиятын көрсөтүп жатабыз дешет. Ал эми биздин мамлекеттин маданият, спорт өкүлдөрүнө болгон мамилеси дагы деле аксап турат. Циркте кесибин сүйүп 1500-2000 сом маяна алып иштеген кызматкерлер бар", — деди Аширова.
Артист өлкөдөгү маданият жана спорт тармагынын иш алып баруу системасын түп-тамырынан бери өзгөртүп чыгуу керектигин кошумчалады.