БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Индиянын Сагар шаарынын тургуну Шьям Лал Ядавдын чокусуна өсүп чыккан 10,2 сантиметрлик мүйүзү көптөрдү таңгалдырды. Бул туурасында Mirror Online жазды.
Four-inch devil's horn removed from 74-year old man's head in India (surgery photos) https://t.co/uZWzU7xSLE pic.twitter.com/2mYdR9kxwm
— Ladun Liadi (@Ladunliadi) 17 сентября 2019 г.
74 жаштагы эркек киши беш жыл мурда башын катуу уруп алгандан кийин кадимкидей эле мүйүз өсө баштаган. Алгач башынын бир жеринин томпоюп калгандыгын көрүп, чач тарачтан кырып салууну суранган. Кийин өз алдынча алып салууга аракет кылганынан майнап чыкпай, мүйүз улам өсө баштаган.
Анткен менен дарыгерлер мүйүздүн кишинин башына кайрадан өсүп чыгышы мүмкүндүгүн айтышкан. Алар бул илдет сейрек кездешерин, ал көп учурда күндүн таасиринен болушу мүмкүндүгүн кошумчалашкан.